Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Сирия: тынчтыкты сактоого далалат


Көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Дараа аймагы.
Көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Дараа аймагы.

Орусия жана АКШнын арачылыгы менен жетишилген бул макулдашууну мамлекеттик катчы Жон Керри “Сирияны бүтүн сактап калуунун акыркы аргасы” деп мүнөздөдү.

Британияда иш алып барган Адам укуктары боюнча сириялык обсерватория дүйшөмбүнүн кечинен бери дээрлик бардык фронттордо тынч болгонун билдирди.

Сирияда ок атышпоо келишими сакталып жатканы тууралуу кабарларга макулдашууну ишке ашырган адамдардын бири – АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри азырынча этият мамиле кылып турат. Ал Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, азырынча тыянак чыгарууга эрте экенин, ошентсе да үмүт жараткан жагдайлар жок эместигин айтты:

- Алгачкы маалыматтарга ылайык, күч колдонуу азайды. Ошол эле учурда айрым жерлерде кармаш катталганы кабарланды. Азыр так жыйынтык чыгарууга өтө эрте. Мен дагы тыянак чыгарбай турам.

Ок атышпоо келишими күчүнө кирген алгачкы сааттарда Дамаск жана Хама аймактарында айрым атышуулар болгону кабарланган эле. Адам укуктары боюнча сириялык обсерватория келишимдин биринчи күнүндө көпчүлүк аймактарда тынчтык сакталганын билдирди.

Женевада бир канча айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган бул келишим Сириянын согуштан катуу жабыркаган аймактарына гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүүгө да жол ачат. Эгер бул келишим бир жумага чейин бузулбаса, АКШ менен Орусия өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко жана мурда “Ал-Нусра” деп аталган “Жабхат Фатех Ал-Шам” тобуна каршы аба чабуулдарын өткөрө баштайт. Тынчтык келишимине жогорудагы эки экстремисттик топ кирген эмес.

Эркин Сирия армиясы келишимди аткаруу багытында кызматташарын айтканы менен бул макулдашуудан өкмөт пайда табат деп кабатырланган.

Сирияда согуш башталгандан бери чейрек миллиондон ашык адамдын өмүрү кыйылды.
Сирияда согуш башталгандан бери чейрек миллиондон ашык адамдын өмүрү кыйылды.

Дал ошол өкмөттүк күчтөрдүн башында турган президент Башар Асад Дамасктын түштүк-батышындагы Дарая аймагын кыдырып жүрүп, элди элдешүүгө чакырды:

- Биз бардык сириялыктарды элдешүүгө үндөйбүз. Мен бул сөздү айтуу менен сириялыктардын көбү мекенчил деп ишенем. Куралчандар жүргөн аймактардын көпчүлүк тургундары мекени менен кайрадан бириккиси келет. Бирок алар кээде мамлекетке ишенишпейт, кээде куралчандардан коркушат.

Сириядагы чатакты токтотуу боюнча буга чейинки бир нече сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган. Маселен 2012-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен өткөрүлгөн үч тынчтык сүйлөшүүсүнөн майнап чыккан эмес.

Президент Асаддын бийлигине каршылык иретинде дээрлик алты жыл мурда башталган нааразылык, жарандык согушка өсүп жетип, андан чейрек миллиондон ашык адамдын өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюму билдиргендей, төрт миллиондон ашык сириялык чет өлкөдө качкынга айланса, алты миллиондон ашыгы Сириянын ичинде жер которгон.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG