Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Сирия: Идлибге абадан сокку урулду


Идлиб шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан Жабрая калаасына урулган соккудан тутанган өрттү өчүрүү аракети. 4-сентябрь, 2018-жыл.
Идлиб шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан Жабрая калаасына урулган соккудан тутанган өрттү өчүрүү аракети. 4-сентябрь, 2018-жыл.

4-сентябрда Сириянын Идлиб провинциясына жана ага жакын жайгашкан аймактарга абадан сокку урулду. Аба чабуулдарды орусиялык учактар жасашканын бир катар түрк маалымат каражаттары жазып, Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюм да кабарлады.

Орусия азырынча шейшембидеги соккулар тууралуу үн ката элек. Ал эми учактар орустарга тиешелүү экенин Идлибдеги куралдуу оппозициячыл топтордун өкүлдөрү билдирип жатышат.

Сириянын аймагында гуманитардык жардам таратып жүргөн Түркиядагы "Кызыл чырым" уюмунун башчысы Керем Киник аба чабуулдардан жараат алгандардын арасында жай тургундар бар экенин ырастады:

- Бүгүн Жиср-эш-Шугурго абадан жыйырмадан ашуун сокку урулду. Жараат алгандар арасында жайкын тургундар да бар. Биз буга Сириянын аймагында жүргөндө күбө болдук.

Би-Би-Си "Ак каскачандар" уюмуна таянып, соккулар үч жайкын тургундун өмүрүн алганын жазды. Бул чабуул алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп эгер Сирия президенти Башар Асад Идлибге кол салса, олуттуу гуманитардык катачылык кете турганын Сирияга, Орусияга жана Иранга эскерткен.

Идлибден 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Мухамбай шаарына урулган соккулардан чыккан түтүн. 4-сентябрь, 2018-жыл.
Идлибден 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Мухамбай шаарына урулган соккулардан чыккан түтүн. 4-сентябрь, 2018-жыл.

"Президент Башар Асад Идлибге акылсыздык кылып чабуул койбошу керек. Орустар жана ирандыктар адам трагедиясына алып келе турган окуяга катышып, чоң гуманитардык ката кетирет. Жүз миңдеген адамдар набыт болушу мүмкүн. Буга жол бербегиле”, - деп жазды Трамп "Твиттердеги" баракчасына.


Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул эскертүүнү четке кагып, Трамп көйгөйгө толук жана ар тараптуу назар салбай жатканын кошумчалады.

Соңку бир нече жумадан бери америкалык жана европалык расмий адамдар Идлибди карамагына алуу үчүн Сирия өкмөтүнүн даярдап жаткан аракеттери боюнча тынчсыздануусун билдирип келишет.

Алардын пикирине караганда, бул соккулар жайкын тургундар арасында чоң жоготууларга алып келиши мүмкүн. Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура ири чабуул жайкын тургундар үчүн апаатка барабар экенин айтты.

Анын пикиринде карапайым адамдар чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридорлорду түзүү зарыл. Улуттар Уюмунун өкүлдөрү кармаш башталса, 800 миңдей киши качкынга айланышы мүмкүндүгүн боолгоп жатышат.

- Биз дагы эле Идлиб үчүн кармаш болбойт деп үмүттөнүп, суранып, каалап турабыз. Бул биздин бекем позициябыз. Ошондуктан кыйыр болсо да кызыкдар тараптар деп эсептелген Орусия менен Түркиянын ортосунда сүйлөшүүлөр шашпай жүрүшүн суранып жатабыз. Идлиб көйгөйүн жумшак чечүүнүн ачкычы ушул эки мамлекеттин колунда деген пикирдемин, - деди Стаффан де Мистура.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура. Женева. 4-сентбярь, 2018-жыл.
БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура. Женева. 4-сентбярь, 2018-жыл.

Эгер Сирия өкмөтү Идлибде химиялык курал колдоно турган болсо, Вашингтон ага чара көрүп, тиешелүү жооп кайтара турганын мамлекеттик департамент буга чейин эскерткен.

Соңку бир ай ичинде Орусиянын Коргоо министрлиги да Сириядагы козголоңчулар химиялык курал колдонуп чагымга барууга даярданып жатканын бир нече жолу билдирди. Мекеменин ырасташынча, бул чагым менен алар Кошмо Штаттарга Асад менен анын союздаштарына сокку урушуна жол ачып берүүнү көздөшөт. Идлиб Сириянын президенти Башар Асадга каршы чыккан куралдуу оппозициянын акыркы ири таянычы деп эсептелет. Провинциянын өзүндө жана анын жака белинде үч миллиондой адам жашайт, алардын миллионго чукулу балдар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG