Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

“Темир айымдын” мурасы


Дүйнөлүк коомчулук Маргарeт Тэтчердин мурасына баа берүүдө. “Темир айым” атыккан айтылуу саясатчы 87 жаш курагында кечээ дүйнөдөн кайтты. Ал коммунизмдин урашына бараандуу салым кошкон саясатчы катары да таанымал.

Британ премьер-министри Дэвид Камерон Маргарет Тэтчер дүйнөдөн өткөндүгү маалым болгондон кийинки сөзүндө айтылуу саясатчынын мекенине калтырган мурасына токтолду:

-Анын мурасы – мекенине эң мыкты кызмат кылганы, биздин мамлекетти сактаганы, ал үчүн бөтөнчө каармандыгын көргөзгөнү. Адамдар анын жетишкендиктери тууралуу алдыдагы он жылдыктарда, балким жүз жылдыктарда дагы тааный беришет, бул - анын мурасы.

АКШ президенти Барак Обама Америка “чыныгы досун” жоготту деп, "Тэтчер “трансатлантикалык альянстын көшөргөн жактоочусу катары "Кансыз согушту" жеңе алаарыбызды, эркиндик жөнүндөгү убадыбызды кеңейтерибизди билген”, - деп белгилейт.

Ал эми Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо Тэтчерди “улуу мамлекеттик ишмер” деп сыпаттады:

-Ал бирдиктүү базарды түзүүгө көмөктөшкөн. "Темир көшөгөнүн" артында турган Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүн Европанын үй-бүлөсүнө алып келүүдө башкы оюнчу болгон.

Маргарет Тэтчердин саясий карьерасынын соңку жылдары СССРге демократиянын желаргысы каптай баштаган учурга туш келди.

Ал кездеги советтик лидер Михаил Горбачев Улуу Британияга 1985-жылы визит жасаган. Билгендердин айтымында, Тэтчер анда Горбачевду “иштешүүгө жарай турган адам” деп атаган экен.

СССРдин жоюлушуна жол ачкан алгачкы келишимге кол койгон үч лидердин бири, Беларустун мурдагы президенти Станислав Шушкевич “Азаттык” менен маегинде Тэтчер тууралуу мындай дейт:

-Менимче аны гений саясатчылардын арасына кошуп, Уинстон Черчилль, Шарль де Голь менен салыштырууга болот. Ал абдан тажрыйбалуу саясатчы болгон жана өз өлкөсү үчүн көп нерсе жасады. Горбачев Рейган менен катар Тэтчердин да таасири астында болгону айдан ачык.

Михаил Горбачев “Интерфакс” менен маегинде Тэтчерди “улуу саясатчы, көрүнүктүү инсан” деп атады.

Бир ирет СССРдин жоюлуп кетишин терс баалаган орус президент Путин да Тэтчерди Амстредамдагы басма сөз жыйында азыркы доордун “көрүнүктүү саясий фигурасы” деп мүнөздөдү.

1991-жылдын августундагы мамлекеттик төңкөрүш же путч күндөрү анда бийликтен түшүп калган Тэтчер Эркин Европа/Азаттык радиосу менен маегинде:

-Эркиндикке жана демократияга ишенген жана бул эки нерсе тең Советтер Союзуна Горбачевдун жетекчилиги астында келди деп санаган инсан катары, ошол нерселердин уланышы өзгөчө маанилүү экенин, болбосо адам укуктары СССРдин караңгы доору кезиндегиге кайра кетет деп эсептеген адам катары мен төңкөрүштү айыптайм. Эгер төңкөрүш ийгиликке жетсе, Советтер Союзунун экономикалык көйгөйлөрү дагы күчөйт. Бул дайыма эле татаал болгон. Биз эми жаңыланган аракеттер менен алга жылуубуз абзел. Анткени эл демократияга ишенимин көргөзсө, кошумча жардам күтүүгө укуктуу.

Маргарет Тэтчердин саясаттагы чоң жолу 1959-жылы башталган. Үчүнчү жолку аракеттен кийин британ парламентинен орун алууга жетишкен.

1975-жылдан тарта Консервативдик партиянын лидерлигин талашууга жетишип, 1979-жылы Улуу Британиянын тарыхында премьер-министрлик кызматка келген алгачкы аял болгон.

Өкмөт башчылыкты ал дээрлик үч мөөнөт, 1990-жылга чейин аркалады.

2011-жылы ал тууралуу “Темир айым” деген көркөм фильм тартылган.

Лондондон түшкөн кабарларга караганда, Маргарет Тэтчер акыркы сапарга аскерий, башкача айтканда падышалык үй-бүлөдөн бир аз гана төмөнкү деңгээлдеги сый-урмат менен узатылат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG