Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

Республикачылардын жеңиши Обаманы "аксатат"


Алтынчы мертебе Кентукки штатынан сенатор шайланган 72 жаштагы республикачылардын лидери Митч Макконелл жеңишин майрамдоодо. 4-ноябрь, 2014-жыл.
Алтынчы мертебе Кентукки штатынан сенатор шайланган 72 жаштагы республикачылардын лидери Митч Макконелл жеңишин майрамдоодо. 4-ноябрь, 2014-жыл.

АКШ Конгрессинин жогорку палатасы - Сенатты президент Барак Обаманын атаандаштары - республикачылар көзөмөлдөйт.

Президент Барак Обаманын популярдуулугунун төмөндөп кеткени шайлоодо анын Демократтар партиясынын жеңилүүсүнө өбөлгө түздү.

Республикачылардын Сенатта үстөмдүк кылуусу Обаманын президенттигинин калган соңку эки жылын түйшүктүү кылат. Ошентип 2006-жылдан бери биринчи жолу республикачылар партиясы Конгрессти өзү калчап калат деп жоромолдонууда.

4-ноябрдагы өткөөл шайлоодо Сенаттагы 100 мандаттын 36сы үчүн жана Өкүлдөр палатасындагы бардык 465 мандат үчүн күрөш жүрдү. Президент Барак Обаманын төмөн рейтинги добуш берүүгө таасир эткенин шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү. Республикачылар мурда Сенатта 45 орунга ээ болсо, эми 52 мандат аларга тийди. Азырынча Луизиана штатында ким жеңери белгисиз. Бул штатта эч бир талапкер 50 процент добуш албагандыктан 6-декабрда шайлоо кайра өтөт. Аляскада да кайра шайлоо өтүшү ыктымал деп айтылууда.

Шайлоодогу ар кыл тилде жазылган нускоочу белги.
Шайлоодогу ар кыл тилде жазылган нускоочу белги.

Республикачылар үчүн 72 жаштагы Митч Макконеллдин алтынчы мертебе Кентукки штатынан сенатор шайланганы да чоң сүйүнүч. Ал буга чейин Сенаттагы республикачыл азчылыктын лидери болсо, эми АКШдагы эң таасирлүү саясатчыга айланат. Себеби Макконелл республикачыл көпчүлүктүн лидерлигине шайланса, январда Сенат алмашкандан тарта аны жетектей баштайт жана кайсы мыйзам долбоорлорун колго салуу анын эркинде болот. Макконелл жеңиши жарыялангандан кийинки сөзүндө “Кошмо Штаттар жаңы багыт менен барарын” айтып, “республикачылар мунаса табылчу маселелерде демократтар менен чогуу иштешүүгө милдеттүү” экенин кошумчалады.

Сенаттын мурдагы төрагасы, демократ Гарри Рейд президент Обаманын жакын союздашы эле. Ал 2010-жылы Обаманын сыймыгы эсептелген Саламаттыкты камсыздоо боюнча мыйзамды өткөрүүгө чоң салым кошкон.

Колорадо штатынан да республикачыл Корри Гарднер сенатор шайланды. Анын айтымында, карт республикачыл партиянын ийгилиги өкмөт башындагы демократтар шайлоочулар күткөндөй эмгектенбегенин жана лидерлер эч качан өзүнө-өзү маашыркабасын көрсөтөт:

- Себеби бүгүн түндө Колорадонун эли билдирүү жөнөттү: бул Вашингтон иштебей жатат жана токтош керек деген кат. Биздин өлкө жакшы нерсеге татыктуу жана күтүүдө. Ал болууда. Лидерлер ушул абалда турбаш керек жана мактоого арзыдык деп ойлобошу лаазим. Бул түнкү билдирүү республикачыларга, же демократтарга каршы жасалбады. Бул биздин өлкөнүн олуттуу проблемалары менен тайманбай күрөшпөгөндөрдүн баарына эскертүү.

Барак Обама.
Барак Обама.

Конгресстин жогорку палатасында республикачылардын көпчүлүктү түзүүсү жана алардын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундарды алуусу президент Обаманын саясый таасирин чектейт. Анткени президент жогорку кызмат адамдарын Сенаттын кеңеши жана макулдугу менен дайындайт. Ырас, республикачылар былтыр бюджетти бекитүүдө Ак үйгө бекем каршылык көрсөтүп, катуу сынга кабылган.

Талдоочулардын боолгошунча, республикачылар 2016-жылдагы президенттик шайлоо алдында Обама менен мурдагыдай эрегишпей, шайлоочулардын көңүлүн алчу популисттик кадамдарга барышы жана ийкемдүү болуусу зарыл. Анткени алар демократтар менен эсептешпей коюу үчүн Сенатта 60 орунга ээ болушу абзел. Анын үстүнө президентте бир ирет мыйзам долбоорун өткөрбөй, вето жарыялап коюу укугу бар.

Барак Обаманын сөзүнө караганда, сенатор-демократтар 1958-жылдан берки эң катаал өнөктүктү баштан кечиришти. “Азыркы шайлоо цикли, сыягы Дуайт Эйзенхауер мезгилинен бери бир топ штаттарда демократтар үчүн начар болду,” - деди экинчи президенттик мөөнөтүн өтөп жаткан Обама.

1958-жылы республикачыл Эйзенхаузер президент болуп турганда, республикачылар өткөөл шайлоодо Сенаттагы 13 ордун демократтарга алдырып жиберген.

XS
SM
MD
LG