Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Обаманын билдирүүсү дүйнө коомчулугун ойго салды


АКШ -- Президент Барак Обама Ак үйдө Балтика лидерлери менен жолугушуу учурунда журналисттердин Сирия боюнча суроолоруна жооп берип жатып, ойлоно түшкөн учуру. Вашингтон, 30-август, 2013.
АКШ -- Президент Барак Обама Ак үйдө Балтика лидерлери менен жолугушуу учурунда журналисттердин Сирия боюнча суроолоруна жооп берип жатып, ойлоно түшкөн учуру. Вашингтон, 30-август, 2013.

АКШ президенти Барак Обаманын Сирия режимине каршы аскерий чара көрүү тууралуу чечими түрдүү пикирлерди жаратууда.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ анын өкмөтү Сирия маселеси АКШнын Конгрессинде талкууланышын кылдаттык менен көзөмөлдөөрүн жарыялады. Синдзо Абэ Барак Обама бул чечимди абдан кылдаттык менен, ойлонуп туруп кабыл алды деп ишенет. Венесуэланын президенти Николас Мадуро Обаманы сындап, ал Бириккен улуттар уюму менен «эсептешпей жатканын» белгиледи.

Ирандагы Ислам революциясын коргоо корпусунун лидери Мохаммад Али Джафари "чет өлкөлүк аскерий күчтөр бир гана Сирияга кирет деп ишенүү жалган үмүт" деп билдирди. Орусия Мамлекеттик Думасынын эл аралык маселелер боюнча комитетинин башчысы Алексей Пушков Твиттерде Обама Конгресске кандайдыр бир мыйзамдуулук алуу үчүн гана кайрылганын жазды.

Сириядагы опплозициялык эркин армиянын чыгыш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мухаммад Абуд Обаманын чечимин жактырды:

- Биз бул чечимди көптөн бери күткөнбүз. АКШ бул чечимди көптө кабыл алса деле, Сирия эли жана эркиндик үчүн күрөшкөндөр бул чечимге абдан ыраазы. Бирок Конгрессте чоң талкуу болоорун биз түшүнүп турабыз.

Барак Обама аскерий кийлигишүү тууралуу чечимди ишемби күнү Вашингтондо мамлекеттик катчы Жон Керри, коргоо министри Чак Хагел, АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы Мартин Демпси катышкан жыйындан кийин жарыялады:

- Абдан кылдат ойлонгондон кийин мен АКШ Сирия режиминин буталарына каршы аскерий чара көрүшү керек деп чечтим. Бул ачык интервенция болбойт. Биз өтүгүбүз менен баспайбыз. Мунун ордуна биздин аракеттер масштабы жана убактысы жагынан чектелет. Бирок мен биз Асаддын режимин химиялык курал колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартабыз, мындай жүрүм-турумдан кармантып, аны жүзөгө ашыруу кубатын азайтабыз деп ишенем.

Бирок бул чечимди ишке ашыруу үчүн Конгресстин макулдугу керек. Ошол эле күнү Ак үй Конгресске долбоорду жөнөттү. АКШ Конгресси жайкы эс алуудан 9-сентябрда кайтат. Талкуу мына ошондо башталчудай. Конгресстин лидерлери Обаманын Сирия боюнча операцияга мыйзам чыгаруу бийлигинен уруксат алуу ниетин кубатташты. Бул кубаттоого Британиянын премьери жана Франциянын президенти да кошулушту.

АКШнын чалгын кызматынын буга дейре жарыяланган баяндамасында америкалык расмий өкүлдөрдө 21-августтагы химиялык газ чабуулун Сирия режими жасаганы боюнча “ишеним жогору” экени айтылган. Баяндамада айтылгандай, ал чабуулдан 1429 кишинин өмүрү кыйылган. Сирия өкмөтү болсо бул маалыматтарды “жасалма” жана “калп” деп айыптаган.

Өткөн жума БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча бирдиктүү чечимге келе албай койгон, бул деген кеңеш аскердик кийлигишүүгө макулдугун берген эмес дегенди түшүндүрөт. Британия аскерий кийлигишүү үчүн добуш берген, Франция булу турумду колдогон. Орусия менен Кытай каршы чыгышкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин химиялык куралдын колдонулушу боюнча АКШ далилдерди келтириши керектигин жарыялады.

Жекшемби күнү Сириянын президенти Башар Асад өлкө агрессиянын түрдүү формасынан коргоноорун эскертти. Мындан бир аз баштараак Сириянын премьер-министри Ваэл ал-Халки дагы Сириянын куралдуу күчтөрү толук даярдыкка келтирилгенин ырастаган.

Ишемби күнү Сириядан Нидерландыга Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору кайтышты. Алар бир нече күн химиялык курал колдонулду делген жерлерди изилдешкен. Чогултулган материалдар анализге европалык лабораторияларга тапшырылат. Толук жыйынтыктар үч жума ичинде чыгышы күтүлүүдө.

Жекшемби күнү Сирияга Ирандан парламенттик делегация келип, химиялык куралдан жапа чекти делген оорулуулар менен жолукту.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG