Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

АКШ: хижаб чыры өлүм менен аяктады


Кылмышка шектелген Жереми Жозеф Кристиан.
Кылмышка шектелген Жереми Жозеф Кристиан.

Өткөн жума күнү АКШнын Орегон штатында поездде бараткан хижабчан эки аялга кыйкырган киши аларга болушкан үч адамга бычак шилтеген. Оор жараат алган эки эркектин бири поездде, экинчиси ооруканада үзүлгөн. Үчүнчү киши болсо догдурлардын көзөмөлүндө жатат.

Түндүк Портленддин тургуну Жереми Жозеф Кристиан Малтнома шаардык сотунда эки адамды өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылганы үчүн жоопко тартылат. 35 жаштагы америкалык жаранга кошумча дагы айыптар тагылышы мүмкүн.

30-майда сот залынан айыпталуучуну чыгарып баратканда: “Американын душмандарына өлүм. Эгер силер биздин эркиндикти жек көрсөңөр, кеткиле бул өлкөдөн. Антифашисттерге өлүм. Силер муну терроризм десеңер, мен патриотизм дейм, уктуңарбы мени?” - деп кыйкырып кетти.

29-майда Портленд шаарынын мэри Тед Уилер бул үрөй учурган окуяны жергиликтүү тургундар менен бирге айыптады. Мэр жек көрүүчүлүк менен талаш-тартышты жана актардын ашынган улутчул топторунун демонстрацияларын токтотууга чакырды.

“Мындай талаш менен жек көрүүчүлүк жана фанатизм толкун сымал биздин өлкөнү жайпап, бир топ терең кеткенин көрсөттү. Портлендде поезддеги окуяда үч кишибиз ошол толкунду кайра артка кайтарды," - деген мэр Уилер өз өмүрүн тобокелге салган үч мекендешинин каармандыгын белгиледи.

АКШ президенти Дональд Трамп адам өмүрүн алган окуяны “келишкис” деп айыптаган пикирин "Твиттерине" жазды.

Полициянын маалыматы боюнча, жума күнү кечки саат 5тер чамасында Кристиан поездге түшкөн хижабчан эки аялга үнүн көтөрүп, кемсинткен сөздөрдү айта баштаган. Ошол маалда аялдарга болушкан үч жүргүнчүгө бычак шилтеген. Эки аял жабыр тарткан эмес жана кийинчерээк аларды полиция издеп таап, окуянын чоо-жайын териштирген.

Мусулман аялдарга болушкан 53 жаштагы Рикки Жон Бест поездде үзүлсө, 23 жаштагы экинчи жигит Талисин Мурддин Намкай Мече Портланд ооруканасында кайтыш болгон.

Үчүнчү жабырлануучу - Михей Дэвид Коул-Флетчер ооруканага жеткирилген жана догдурлар 21 жаштагы жигиттин абалы дурус экенин айтышты.

Катуу жаракат алып, эки сааттык оор операциядан кийин аман калган 21 жаштагы бул жигит жергиликтүү университеттин студенти. Михей Дэвид Коул-Флетчер 2013-жылы мектепте окуп жүргөн кезинде мусулмандар зыян тарткан жалган көз карашка каршы чыгып, акындар сынагынын жеңүүчүсү да болгон. Ал 2001-жылдагы теракт “Америкага 12 жылдан кийин да кетпеген жаман так калтырганын” белгилеген. “Мен адамдар угат жана бир нерсе жасайт”, деп үмүт кылам деп айткан 2013-жылы ал жергиликтүү басылмага.

Каза тапкан эки адамдын бири - 23 жаштагы Талесин Намкай Мече 2016-жылы экономика адистиги боюнча абройлуу колледжди бүтүрүп, консалтинг компаниясында иштеп жаткан. Профессорунун сыпатташынча, “ал акылдуу, жөнөкөй, тырышчаак жана кайрымдуу” жигит болчу. Анын кең келечеги алдыда эле.

53 жаштагы Рик Бест аскер ардагери болгон. Ал аскерде 23 жыл кызмат өтөп, анын ичинде Иракта жана Ооганстанда болгон. Армиядан 2012-жылы бошогон. Анын артында жубайы жана төрт баласы калды. Рик техник болуп иштечү. “Ал дайыма жардамга биринчи болуп кол сунчу” деп эскерет кесиптештери. Рик аскерден кайтып келгенден кийин жергиликтүү саясатка аралашууга аракет кылган. Ал ошол кезде жергиликтүү гезиттердин бирине “Мен эч нерсе кылбай, жөн эле карап тура албайм” деп айткан.

Рикки Жон Бест поездде үзүлсө, 23 жаштагы экинчи жигит Талисин Мурддин Намкай Мече ооруканада көз жумган.
Рикки Жон Бест поездде үзүлсө, 23 жаштагы экинчи жигит Талисин Мурддин Намкай Мече ооруканада көз жумган.

“Үрөй учурат, эмне болгонун айтууга андан башка сөз жок!” - деди Портленд полиция бюросунун маалымат катчысы Пит Симпсон. Кристианга ачылган кылмыш ишти иликтөөдө “экстремисттик идеология” фактысы дагы каралмай болгону полициянын маалыматында айтылат.

Бейкүнөө эки адамдын өлүмүнө зобун болуп, үчүнчү кишини жарадар кылган Кристиан ага чейин эле экстремисттик маанайдагы чакырык-билдирүүлөрдү жасап жүргөнү дагы белгилүү болду. Америка-Ислам мамилелери боюнча кеңештин мүчөсү Закир Хан “шектүүнүн Фейсбук баракчасына көз салсак, нацисттик кыймылдарга ыктаганын көрүүгө болот” деп белгилейт.

Кошмо Штаттардын “Конституциясында көрсөтүлгөн баалуулуктар үчүн күрөшкөн эки киши жөн жерден ажал тапканын” жазган Закир Хан “Кристиандын Фейсбуктагы баракчасы кайсы бир даражада расисттик жана башка экстремисттик ишенимди карманганын көрсөтөт”, - деди.

Фейсбукта мусулмандарга каршы көз караштагы Кристиан “11-сентябрдан кийин мечиттерди жок кылышыбыз керек эле” деген ойду жазган. Ал АКШнын түндүк-батышы жалаң гана актар жашаган аймак болушу керек дегенди жайылтууну көздөгөнү билинет.

Орегондук журналист Майк Бивинс өткөн айда Кристианды консервативдүү топтордун маршында учураткан. Жүрүш маалында расисттик маанайда мусулмандарды, жөөттөрдү жана “жалган христиандарды” коркуткан сөздөрдү айтып, өзүн нигилист деп көрсөткөнүн видеого тартып алган.

Журналист ал кыска видеосу “жек көрүүчүлүктөн келип чыккан кылмышка далил” болуп калат деген оюна да келбегенин айтат.

Өткөн жума күнү саат кечки бештер чамасында Портлендде поездге хижабчан эки аял отургандан кийин кимдир-бирөө "мусулмандар - кылмышкерлер!” деп кыйкыра баштаганына күбө болгон Эвелин Хернандес ошол кишинин: “Вагондон түшүп калгыла, биздин өлкөдөн кеткиле, анткени силер салык төлөбөйсүңөр”, - деп айтканын уккан.

Ошол маалда жаалданган неме аны токтотууга аракеттенген бейтааныш үч эркекке каршы бычак көтөргөн. Андан кийин вагондон түшө качып, көп өтпөй полицияга кармалат. Кристиандын акыл-эси жайында экени да полициянын маалыматында айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG