Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Якутияда кыргыз айдоочулар ишке чыга элек


Якутск шаары.
Якутск шаары.

Якутияда (Саха Республикасында) абал тынчыганы менен ал жакта автобус айдап иштеген кыргызстандыктар жумушка чыккандан кооптонуп турат. Бул тууралуу Якутск шаарында автобус айдаган Жаныбек Дүйшөнбеков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

Азаттык: Жаныбек, мигранттарга ыдык көрсөткөндөр кармалып, Якутия бийлиги баары көзөмөлдө экенин айтып жатат. Азыр абал кандай?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Мен билгенден такси, автобус айдап, жер-жемиш сатып иштеген мигранттар жумушка чыга элек. Өзбектердин кафелеринин баары жабык. Тынчымайынча чыкпай туралы деп чечтик. Якутск шаарынын мэри “ишке чыккыла, коркпогула, биз баарын көзөмөлдөп турабыз, ыдык көрсөткөндөр болсо чалгыла” деп телеканалдар аркылуу айтып, атайын телефон номерлерди деле жарыялап жатышат. Бирок биз баары бир кооптонуп турабыз.

Азаттык: Эмнеге? Кооптонууга негиздер барбы?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Такси айдаган борбор азиялыктарды уруп-согуп жиберген учурлар болду. Автобустун жүргүнчүлөрү жол акысын төлөбөй чыгып кетип атышат. Жер-жемиш саткандардын чакан дүкөндөрүнө жергиликтүүлөр кирип барышып “жапкыла, кеткиле” деп кубалап жатышат. Интернеттеги социалдык тармактарда кыргыздардын чаттары бар. Ошол жактардан сүйлөшүп, сабырдуу бололу деп бири-бирибизди жоошутуп атабыз. Албетте, үйдө отурганда акча да жок. Тынчыса жумушка чыгат элек. Мындай мамиле бир эле кыргыздарга эмес, жалпы борбор азиялыктарга болуп жатат. Анткени автобус айдагандардын арасында өзбектер да, тажиктер да көп.

Азаттык: Якутск шаарында автобус айдап иштеген кыргыздар көппү?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Шаардагы автобустардын жарымын эле кыргыздар айдашат. Бул автобустарды биз ижарага алып айдайбыз. Мамлекетке карабайт, жеке ишкерлердин автобустары.

Азаттык: Буга чейин якуттар менен мамилеңер кандай эле? Бул окуялардан кийин сиздин тааныш якуттар эмне деп жатышат?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Негизи якуттардын кыргыздарга болгон мамилелери жакшы эле. Шаардык якуттар абдан эле жакшы болушат, ал эми айылдан келгендери бир аз улутчул келишет. Көп учурда “биз иштей турган орундарды силер тартып алдыңар” дегенсип, мигранттарга ич күйдүүлүк кылышат. Мигранттардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу шаардыктар деле тажап бараткандай. Ал эми бул жактагы тааныш якуттар “бир кыргыз үчүн баарыңарды күнөөлөй албайбыз, өзүбүздүн деле жамандарыбыз бар”-деп айрымдары жакшы сүйлөп атышат, сөккөндөрү да бар.

Азаттык: Ошол эле маалда мигранттар да буга чейин эле жергиликтүүлөрдүн кыжырына тийип алышкан деген кептер айтылып жатпайбы. Бул сөздөр канчалык жүйөлүү?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Бул кептердин деле 50 пайызы чын. Кээ бирөөлөр якуттарды сыйлабай, өзүлөрүн орой алып жүрүшөт. Кыргызстанга деле чет өлкөлүктөр келип, бизге кыйын болсо ачууң келет да, ошондой эле. Өзүбүздөн тентектирибиз да бар.

Азаттык: Якутия Орусиянын алыскы, шарты катаал аймактарынын бири. Ал жакта иштеш деле оңой болбосо керек?

Жаныбек Дүйшөнбеков: Жумуш оор эле, кышкысын өзгөчө. Суук 55-60 градуска чейин барат. Кээде көчөдөн бузулуп калат. 50 градус суукта аны жүргүзүүгө аракет көргөндө элестете бергиле. Жумушка күндө эртең менен такси менен барып, кечинде такси менен келем. Азык-түлүк, батир акысы кымбат. Айла жок, иштеш керек, үй-бүлөнү багыш керек. Иштесе болот.

Азаттык: Рахмат. Ийгилик сизге.

XS
SM
MD
LG