Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

Йемен: Президенттик сарай аткыланып, Салех жаракат алды


Йемендин борбору Санаа шаарында өкмөттүк күчтөрдүн жоокери оппозициячыл жыйынды байкап карап турат. 2011-жылдын 3-июну, түшкө чейинки маал.
Йемендин борбору Санаа шаарында өкмөттүк күчтөрдүн жоокери оппозициячыл жыйынды байкап карап турат. 2011-жылдын 3-июну, түшкө чейинки маал.

Бүгүн да Йемендин ордо шаары Санаада өкмөттүк күчтөр менен көтөрүлүшчүлөрдүн куралдуу кагылышуусу улантылып жатат. Соңку маалыматка караганда, президенттик сарай аткылоого кабылып, өлкө президенти, өкмөт башчысы жана парламент спикери жеңил жаракат алышкан. Оппозиция 1978-жылдан бери бийликте отурган президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылууда.


Ак сарайдагылар жабыр тартты

Бийликтеги партиянын өкүлүнүн айтымында, 3-июнда түштөн кийин президент Али Абдулла Салех, өкмөт башчы Али Мухаммад Мужавар жана парламент төрагасы көтөрүлүшчүлөрдүн президенттик сарайды аткылоосу учурунда жеңил жаракат алышты.

Президенттик гвардиянын төрт жоокери набыт болгону, башка да расмий кишилер жаракат алганы кабардалды.

Жума күнү саал мурдараак өкмөттүк күчтөр Санаа шаарынын түштүгүндө козголоңчу хашид уруусунун башчысы Шейх Садык ал-Ахмардын бир тууганы Шейх Хамид ал-Ахмардын үйүн аткылоого алышкан болчу.

Маалыматтарга караганда, жума күнү (3-июнда) ордо шаардын бир нече миңдеген тургундары соңку күндөрү өкмөтчүл күчтөрдүн колунан ажал тапкан 50 кишини акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышты.

Бейшембиде (2-июнда) да Санаа шаарында ири нааразылык жыйыны болуп, анын катышуучулары президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылышты.

Демонстранттар “Кетсин!” деген ураанды өз эне тилинде (арапча) кыйкырып жатышты.

Алардын бири Марван ал-Амири 2-июнда Рөйтерс кабар агенттиги үчүн курган маегинде мындай деди:

- Тынч ыңкылап тарабындагылар мынабу Хасаба конушундагы үйлөргө жасалган чабуулду, анын ичинде оппозиция лидери Садык ал-Ахмардын үйүн тинтүүнү, терең айыптайт жана четке кагат. Садык ал-Ахмар ыңкылапты колдогону үчүн эле бутага алынып жатат.

Бул режим урматтуу шейхти бутага алуу аркылуу бизди коркуткусу келет, биздин аянттарды таштап кетишибизди көксөйт. Бирок бийликтин мындай иш-аракети, тескерисинче, бизди ого бетер чыйралтып, мүдөөбүзгө жетүү үчүн ишенимибизди ого бетер чыңдап жатат
!

Йемендин башкалаасында тирешүүлөр уланууда. 01.6.2011.

x
Йемендин башкалаасында тирешүүлөр уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:40 0:00
Түз линк

20-майда Йемен президенти Али Абдулла Салех өзүнүн миңдеген тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп, өлкөдө атуулдук ынтымакты жана мамлекеттик бүтүндүктү сактап калуу үчүн президенттик эрте шайлоо өткөрүү ниетин билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын январынан бери улантылып келе жаткан массалык нааразылык иш-аракеттери маалындагы кагылышуулардан улам бери дегенде 350дөн ашуун киши өмүрүнөн ажырады. Алардын бери дегенде 135тейи соңку он күндө набыт болду.

Демонстранттар жана алардын талабын колдогон айрым кубаттуу уруу башчылары 1978-жылдан бери бийлик тизгинин бербей келаткан президент Салехтин кызматтан дароо чегинишин талап кылышууда.

Март айынан бери Йемендин ордо шаарында ички тирешүүлөрдү жөндөө жана тартипти калыбына келтирүү үчүн аскер киргизилген.

Дүйнө коомчулугунун мамилеси

Дүйнө коомчулугу Йемен бийликтерин жана өлкөдөгү оппозицияны саясий көйгөйлөрдү тынч жол менен чечүүгө чакырып келет.

Аймактагы жана Батыштагы мамлекет башчылары президент Салехти кызматтан чегинүү тууралуу арызга кол коюп, ордуна орун басарларынын бирин калтырууга чакырып келди.

Эгерде Салех мындай кадамга барса, анда ал кылмыш жазасынан кутула турган кепилдикке ээ болмок.

Президент Салех “Перс булуңундагы кызматташтык кеңешинин” арачылыгы менен түзүлгөн бул келишим долбооруна кол коюуга бир нече жолу макулдук кылып, бирок кайра оюнан баш тартып келген.

Кошмо Штаттар Йеменди атуулдук согушка кириптер кылган зомбулук аракеттерди токтотуу аргаларын издеп, Перс булуңундагы арап өлкөлөрүнө сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өзүнүн атайын өкүлүн жибергени маалымдалды.

Ыңкылаптар толкуну

Былтыр 7-апрелде Кыргызстанда элдик ыңкылап жеңип, коррупцияга баткан президент Курманбек Бакиев бир катар жакындары менен өлкөнү таштап кетүүгө мажбур болгон.

Быйыл жыл башында Түндүк Африкадагы Тунис менен Мысырда (Египет) да элдик ыңкылаптар жеңген.

Бир катар арап өлкөлөрүндө үстүбүздөгү жылдын январынын соңунан бери өз өлкөсүндөгү саясий реформаларды талап кылган элдик толкундоолор улантылып келет.

Йемен президенти Али Абдулла Салех жаракат алганы кабардалды. 03.VI.11. ТЧ.
Түз линк

XS
SM
MD
LG