Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Бишкектеги «Ынтымак» паркына да балаты орнотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иши башталды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы кабарлады. Башкы балатыны орнотуу «Бишкексвет» жана «Тазалык» ишканасына жүктөлгөн.

Балаты «Айкөл Манас» эстелигинин жанына коюлат, анын узундугу 27, диаметри 12 метр болот. Аянтты жасалгалоо «Жаңы жылдык белек» деп аталат, анын долбоорун «Бишкектин башкы архитектурасы» иштеп чыккан.

Быйыл борбордук аянттан сырткары Түштүк магистралда жаңы курулган «Ынтымак» паркына да балаты орнотулат. Ошондой эле парк жаңы жылдык майрамга карата кооздолот. (TSh)

XS
SM
MD
LG