Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Зарыктырган билимдин узак жолу


Жети-Өгүз. Каракол (ошол кезде Пржевальск деп аталган) шаары Үркүн окуяларынан кийин
Жети-Өгүз. Каракол (ошол кезде Пржевальск деп аталган) шаары Үркүн окуяларынан кийин

Бул ирет кыргыз адабиятынын классиги Мукай Элебаевдин хрестоматиялык “Зарлык” аңгемеси тууралуу кеп кылуунун оролу келип туру. Заман оошуп, жашоо-тирилик кескин жаңыланып жаткан өткөөл кезде алдына билим алуу максатын койгон сагырдын аракетин, билим ышкысын көркөм сөз чебери таасын тартып берген.

Тасманын талаасы

Пенде баласынын бул жарыкчылыктагы эңсегени - кара курсакты тойгузуу эле эмес, билим алуу, колунан келген өнөрүн өркүндөтүп, артына өзү жана жакындары уялбагыдай из калтыруу. Оор заманда жакындарынан толук ажырап, томолой жетим калган баланын билим алуу аракети чыгарманын сюжеттик негизин түзөт, караңгылыктан жол таап, жарыкка чыгуунун кыйындыгы көрсөтүлөт.

Үркүндөн кийин кедейликтин сормо сазына батып калган элдин жашоо-турмушу аябай оорлошуп кеткен эле. Анан ошол ач заманда “созулган сары талаада жалгыз аяк жол менен эрбеңдеп бир караан жөө келатты”. Аңгеме ушинтип башталат. Келаткан жолоочу окуу издеген Зарлык болчу. Бараткан жолу – аяк-башы көрүнбөгөн Тасманын кенен талаасы. Болжогон жерине али-бери жетиши кыйын, бирок да жолду арбытып шыпылдап келе берди. Энтеңдеп шашып келатып түз талаанын четиндеги бийик кашатка келип калыптыр. Ылдыйдагы чоң өзөндүн боюнан жылтыраган от, иттин үнү угулгандай болду, киши бар окшойт. Болжогондой эле тумшуктун түшө калган жеринде жалгыз үй бар экен. Үйдөн чыга калган зайып жолоочуну жактырбаганын ачык эле айтып, үйдө эркек жоктугун, эртерээк башка түнөк таап алуусун туюнтту. Өздөрү эптеп өлбөстүн күнүн көрүп аткандардын кимиси жатар конокту сүйсүн.

Айла жок, энтеңдеген баланы күрпүлдөп агып жаткан суудан өткөрүүгө да бул үйдөгүлөрдөн бирди-жарым боорукери чыкпады. Ошентип күрпүлдөп агып аткан суудан кантип өтөм деп кечүү издеп келатып, төмөнүрөөк жактан оттоп жүргөн өгүздү тутуп минип алды, эми суудан өтсө болот. Суунун күрпүлдөп кирип турган кези экен. Бир маалда өгүздүн башы, мүйүзү гана көрүнүп, муздак сууга бата түштү, жан аргасы кылган адам менен жаныбар өйүзгө өтүштү. Зарлык жолун улады.

Бу шору каткан Зарлык Караколго окуу издеп келатканга чейин Ырдыкта бир бай дунгандын, андан соң жетиөгүздүк татардын колунда иштеди. Кайда барса түгөнбөгөн кара жумуш, ээсинен арткан эски-уску кийим, ачтан өлбөгүдөй тамак, жаңы бийлик бекем орун-очок ала элек, Үркүн апаатынан кийин алы куруп эптеп күн көрүп аткан эл. Зарлык Түпкө эртерээк жетишке Бөрүбаштан саарлап чыккан.

“Бул адам баласынын башына чанда келе турган кыйын күндөр эле. Он алтынчы жылкы көтөрүлүш салдары баягыдан бетер ырбап, Кытайдан кайткан качкындар азаптын тогуз тоомуна жолугуп, ачтык-жылаңачтык каптап, журтту ак шишик алып, четинен кырылып жаткан убак. Анын үстүнө падыша желдеттери ээн жердин бөрүсүндөй болуп, өлүү-тиринин арасындагы элдин башына жаркылдап кылыч ойноп турган. Анча-мынча кишилерди бир ооз тергебей-этпей эрмек катарында жайлап салыш арзан. Өлүмгө моюн сунуп, чанда бир жанынан аша кечкендер болбосо ээн-эркин басып өтүш кыйын эле.

Журт ушундай калабада турганда байлардын эгини кампага батпай чирип жатканы көп... Жалгыз Акматжан быйыл кырк соко чыгарып, Тасманын талаасын бүт ээлеп, жүз теше күздүк айдаган”.

Зарлык Үркүндө үй-бүлөсүнөн ажырап, эми эптеп аман калуунун аргасын издеп көрүнгөнгө малай болуп жүргөн. Эгини кампасына батпаган байлар орус, дунган, татарлардан эле. Кыргыздын байларынын текши баары 1916-жылкы Үркүндө мал-жанынан айрылып, апааттан аман калганына шүгүрчүлүк кылып, жүрөгү өлүп тынч отуруп калышкан. Ээн жерде эгин эгип, малды көбөйтүп байлыкка көпкөндөр, самогонго тойгон бейбаштар көп болчу. Ошондой жалаңдаган жигиттерге Зарлык ээн талаадан учурап, мас немелер аны өлтүрүп коёрдо боорукер орус мужугу сактап калды. Ал арабасына сылай жүктөгөн самандын алдына өң-алеттен кеткен баланы жаткызып, жолго чыкты. Тигилер айрысы менен чөптү сайгылашып талаадан алыс кача албаган баланы таппай калышты.

"Узак жол" романынан үзүндү
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:24 0:00
Түз линк

Малайлык

Боорукер орус мужук муну жазга чейин батырып, үйүндө турмай болгон. Бирок аялы байкуштун күндө кулагынын кужурун ала бергенден тажадыбы, бир күнү баарын ачык айтты. Көчөсүндөгү орустардын бир да бирөө кыргыз малай албай турганын уккан соң арабасына салып айылдан биртоп узатып чыгарып койду. Андан кийин Түптө бир орустун жумушун кылып, жарым жылдай туруп калды. Зарлык кимдердин гана ишин жасаган жок - Сазановкада иштеди, Күрмөнтү, Кудургу, Ой-Тал, Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү кыштактарын канча кыдырды. Сазановкалык бир орустун сөзүнө ишенип Алматыга чейин барды. Баскан-турган жерлерин шектүү карап, күндүзү жашынып түнкүсүн жол жүрчү ошол жашамал кожоюнун жазга жуук советтер камап салышты. Бул кезде жаңы бийлик орношуп, тыңып калган эле. Жаңы бийлик өкүлдөрү шектүү кожоюндан алып берген эки койду да шылуун бирөөгө алдырып жиберип, жат жерде арманын кимге айтышты билбей тууган жерине кайтты. Алматыдан көбүнчө түндөсү жашырын жол жүрдү. Жол боюндагы кыштактардан жумуш чыгып калса аянбай иштеп курсагын тойгузуп, “он сегиз күн дегенде кайра Сазановкага келди”.

Зарлыктын “одиссейлиги” аны менен эле токтолбой, мал айдашкандарга кошулуп аз жерден Анжиянга кетип кала жаздады. Сары-Тологой, Покровск, анан Дарканга келип кыш куйду, жер айдады, мал бакты, дубал сокту. Жылуу-Булакта “жаңы тартип” окуусун угуп, ошону көрсөм-билсем деп эңсеп калды.

“Жаңы тартип” окуусу өмүрдө биринчи жолу угуп отурган кеп. Адегенде бул тууралуу журт ичинде не сөз болбоду:

- Илгери аптиек, куран окуйт дечү эле. Чөк түшүп отурар эле. Эми кызык. “Мугалим... Аяк, табак, казан... биринчи-экинчи...”

Бир күнү Зарлык Жылуу-Булактын оюндагы ушундай бир “Жаңы тартиптен” окуюн деп келсе, кеч калдың деп албай койду.

- Кыш ортосунан өтүп кетти. Сен окуп жеткенче качан эми? - деди чокчо сакал, узун жаак кара киши.

Бул убакта Зарлык туугандарынын үйүндө. Ал тууган Зарлыкка “жаңы тартип” окуусун жамандап күндө бир “акыл” айта берер эле. Бирок мунун баарын тең жалгыз менин жумушума кызыгып айтып жатат дегенден бөлөк ой башына кирген жок.

Жылуу-Булактын оюна төрт-беш сапар барып, жедеп айласы кеткенде мугалимдерге беделдүүрөөк бир баланы арага салып жатып араң өткөндөй болду. Өмүрүндө от жагылбаган шыкырайган терезелерине жыртык кагаздарды кураштырып чаптап койгон бир суук тамда, жерге кагып жасаган өңгүл-дөңгүл отургучтарда колдорун үйлөп, көк муштум болуп отурган балдар...

Зарлык “окууга” кирип кеткенден кийин, тууганы үйүнөн кууп салган. Эртерээк сүйлөшүп коюп, күндө бир баланы ээрчип барып конуп келмей. Бардык азап-тозогуна кайыл, окуудан калбаса болду!”.

Суукта кайыгып отурган балдар мектепте бир маал аскер оюнун ойношот. Калган убакта тамга жаттамай, урунуштуруп окумай. Бирге окуган балдарга көнүшүп, ара-чолодо сүйлөшүп калган кезде Зарлыктын көңүлүн Караколдогу казыналык мектептин шарты кызыктыра баштады. Ал жерде окуу эмес эле жыргал турмуш окшойт деген ой дегдетип, ошол жакка барууга камына баштады.

Жаз келип кош чыкканда “жаңы тартип” тарап кетти, Зарлык арманда калды. Акыл кошчу тууганына айтса, анысы ачык эле каршы чыгып, “керилип кетмен чаап жей турганыңды айылдан эле таппайсыңбы, айтканды укпайсың” деп капа болду. Ээленип алган жаш бала болчубу, жана кеп башында эскерилген Тасманын талаасында жөө эпилдеп окуу издеп жолго чыккан кези эле.

Караколго келгенден кийин казыналык окуу жайын табыш өтө эле оорго турду, аны билген киши жок экен. Зарлык жолдон кошулган жолдош баласы экөө шаарда эмне гана жумуштарды кылбады, окуу жайга кабыл алуу бүтүп калыптыр. Акыркы үмүтү “Союз кошчуда” болчу, ал жердеги кара мурут киши кеп жечүдөй көрүнбөйт, “окуу жок, иш кылгыла” дейт. Үмүтү үзүлгөн Зарлыктын аяна турган жери калган эмес эле.

“Сизден угарыбыз ушул болсо – биз акыл айтар кишини таап келген экенбиз!.. “Жумуш кылгыла!” Он жылдан бери тынбай куураганыбыз аз келгенсип, дагы эле байлардын тезегин куя бергиле демексизби? Бул кайда, жаңкы “жетим-жесир” дегениңер? – деп, өзүнө жараша Зарлык да жаны күйгөн бойдон бир топ зилдүү сөздөр айтып жиберди.

Мунун оозунан бул өңдүү кеп чыга коёр деген тигинин капарында да болбосо керек. Көзү канталап, эки колу менен столго таяна түшүп, ордунан тура калчудай обдулуп барып кайра отурду. Бул аңгеме башталарда келип турган бир киши Зарлыкка карап “андай сүйлөбө” дегендей кылып, астыртан эрдин кысып койгон болчу. Ушундан улам “окус кетирип койдумбу” деген сөз оюна түшсө да кайтып, айтар кеп айтылып калган соң, эми эмнесине деп жашыбай тура берди”.

“Союз кошчудагы” төбөлгө Зарлыктын кеби жетпеди, тентип-тербип келгендин баарын казыналык мектепке ала берсе каражат түтөбү деп мисирейип, алдындагы зарылган жетим баладан унчукпай кутулду.

Шаарга келген ишинен майнап чыкпасын билип Зарлыктын жолдошу айылына кетүүгө камынды. Зарлыктын бара турган жери жок болчу, шаарда калды. Көрүнгөн жерде түнөп бир айдан ашуун шаарда окууга өтө албай жүргөн күндөрдүн биринде Билим берүү бөлүм башчысына туш келип, ошонун жардамы менен бир орустун кызматын кылып жүрүп капыстан интернатка жолдомого ээ болбоспу. Башкалардын жумушун гана кылууну билген байкуш Зарлык ошондогудай эч кубанбаса керек. Интернатка азыр эле алчудай энтеңдеп жетип барса, казыналык окуу жайдын башчысы “орун жок” деп атпайбы. Кайра шаардык билим берүү бөлүмүнө келди. Башчысы тигини чакыртты. Эки ортодо лепилдеп чуркаган Зарлык казыналык окуу жайдын башчысы Шинелиндин арабага кошулган акбоз аты качан көрүнүп калар экен деп түшкө чейин зарылып күтүп турду.

“Бул кезде түшкө жакындап калган. Эки көзү Шинелин келе турган көчөнүн жолунда.

Көптөн кийин, бир убакта чоң көпүрөнүн ары жагынан таанымал ак боз ат көрүнө түштү.

Отднаробдун тушуна келе берип, аттын оозун калжайта тарта токтото коюп, арабадан түшүп, өзү менен бирге келген балага тизгинди кармата сала бери басканда, Зарлык ордунан тура калып, артынан ээрчий кирди. Шинелин кирип барар замат экөө сүйлөшө кетти. Бул кезде Зарлык орусчаны түзүк билбейт. Сөз арасынан “работа”, “сирота” дегендей анда-санда гана бири тааныш. Отднаробдогу кишинин жеңгенин тилеп, чыдамсыздык менен кыпылдап турат.

Ошондон аңгеменин баш-аягы беш мүнөткө да созулган жок:

- Ну, жүр! – деп Шинелин бир кезде бурулуп караганды гана бир билет.

Сыртка чыккандан кийин отур дегендей кылып көзү менен ылдам арабаны көрсөттү. Челпекте чөп чаап жаткан жерге бара жатышыптыр. Балдардын баары ошондо экен. Бул кезде Зарлыктын кубанганы ошондой – арабага аркы-терки салып таштаган айры-тырмоонун үстүндө мамыкта бараткандай болду...”

Мукай Элебаевдин адабий мурасынын арасында кара сөз, ыр, драмалык чыгармалардын мыкты үлгүлөрү бар. Анын “Зарлык” аңгемеси - өмүр баяндык чыгарма. Аңгемеде он жети жашка чыккан уландын билим алсам деп умтулуп, ар кыл тоскоолдуктарга карабай алдына койгон максат-тилегине жеткени, билимди баарынан жогору койгон жаш адамдын аракет-кыймылы, максат-тилеги ынанымдуу чагылдырылган.

Билим алууга өзгөчө ынтаалуу жазуучу орус жана дүйнөлүк классиктердин бир топ чыгармаларын кыргыз тилине которгон, кара сөз, ыр, драма жаатында үлгү болорлук мыкты көркөм туундуларды жараткан. Алардын арасынан анын “Узак жол” өмүр баян романы өзгөчө орунда турат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG