Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл

Жакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш качан токтойт?

28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаганын жарыялашты.

Андан эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

20:07 2.3.2026

1-марттын кечинде Американын үч F-15E истребители Кувейттин абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы 2-мартта билдирди.

Буга чейин күйүп жаткан учак жана андан парашют менен түшүп жаткан экипаж мүчөсү тартылган видео тараган. Ал эми Кувейттин аскерлери «бир нече» америкалык истребител кулаганын билдиришкен.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 8дер чамасында болгон. Ал учурда учактар «активдүү согуштук аракеттерге» катышып, ирандык учактардын, баллистикалык ракеталардын жана дрондордун чабуулдарына туш болгон.

Буга чейин Кувейттин Коргоо министрлиги да бир нече учак кырсыкка учураганын билдирип, экипаж мүчөлөрү куткарылып, ооруканага жеткирилгенин маалымдаган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен операциясы үч күндөн бери уланууда. Азырынча АКШ тараптан кеминде төрт аскер кызматкери каза болгону кабарланды. Америкалык маалымат каражаттары жазгандай каза болгондордун үчөө Кувейтке жайгаштырылган бөлүктүн курамында болгон.

Иран абадан жасалган чабуулдарга жооп кылып, Перс булуңундагы АКШнын аскер объектилерин жана шаарларды дрондор жана ракеталар менен аткылоодо.

2-мартта дагы бир америкалык аскер Ирандын алгачкы соккуларында оор жаракат алып, кийин каза болгону маалымдалды. Анын кайсы жакта жаракат алганы так айтылган жок.

18:36 2.3.2026

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) генералы Мажид Эбнолрезаны коргоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындады.

Ал буга чейин 28-февралда Израилдин соккусунан каза болгон Азиз Насирзаданын биринчи орун басары болуп иштеген.

Бул тууралуу Пезешкиандын кеңсесинин байланыш жана маалымат боюнча орун басары Мохаммад Мехди Табатабаи социалдык тармактар аркылуу билдирди.

«Президент Пезешкиандын буйругу менен бригадалык генерал Сейед Мажид Эбнолреза коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды», — деп жазды ал X социалдык тармагында.

АКШ менен Израил 28-февралда Ирандын аймагына жасаган аба соккуларда Ирандын Жогорку руханий лидери Али Хаменеи, Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани, коргоо министринин бригадалык генералы Азиз Насирзаде жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчиси, генерал Мохаммад Пакпур өлгөнү ырасталган.

Ошондон бери жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуулун улантып жатат.

17:18 2.3.2026

Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) башкы жетекчиси Рафаэл Гросси Израил менен АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын көрсөткөн "эч кандай белги жоктугун" билдирди.

Бирок азырынча МАГАТЭ Ирандын өзөктүк мекемелеринин өкүлдөрүнө байланыша элек.

"Бизде Бушер атом электр станциясы, Тегеран изилдөө реактору же өзөктүк отун циклине байланышкан башка объектилер зыян тартканы же соккуга кабылганы тууралуу эч кандай маалымат жок", — деди Гросси 1-мартта МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинде жасаган билдирүүсүндө.

"Ирандын өзөктүк жөнгө салуучу органдары менен байланыш түзүү аракеттери уланууда... азырынча жооп боло элек. Бул маанилүү байланыш каналы мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келет деп үмүттөнөбүз", - деп кошумчалады ал.

Гросси бардык тараптарды мындан аркы эскалацияны болтурбоо үчүн "максималдуу сабырдуулукка" чакырды.

16:45 2.3.2026

Тегерандагы Кызыл Жарым Ай коому 1-мартта АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынын натыйжасында Иранда ушул убакка чейин 555 адам каза болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, чабуулдар өлкөнүн 131 шаарына жасалган. Жабыркагандарды куткаруу, медициналык жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо улантылууда.

Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси акыркы эки күн ичинде Тебриз, Сараб, Мараге жана Шабестар шаарларындагы ар кандай жайлар соккуга кабылып, жалпысынан 42 адам каза болгонун маалымдады.

Каза болгондордун канчасы карапайым тургундар экени белгисиз.

28-февралда Хормозган провинциясындагы «Шажре Таййиба» аттуу мектепке жасалган ракеталык соккудан каза болгондордун саны 148ге жеткени кабарланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, бул чабуулда 95тен ашуун адам жаракат алган, алардын көбү окуучулар болгон.

Бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок.

28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул койду.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG