Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл

Жакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш качан токтойт?

28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаганын жарыялашты.

Андан эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

16:43 3.3.2026

3-мартка караган түнү Иранга таандык деген эки дрон менен Америка Кошмо Штаттарынын Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарындагы элчилигинин имаратына чабуул коюлду.

Бул маалыматты Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги X социалдык тармагы аркылуу ырастап, чабуулдан улам өрт чыкканын, имаратка материалдык зыян келтирилгенин билдирди. Сокку маалында имаратта киши болгон эмес.

Кошмо Штаттар менен Израилдин Иранга каршы операциясы башталганына төрт күн болду. Иран жооп иретинде аймактагы АКШ аскер базалары жайгашкан коңшу мамлекеттерге сокку урууда. Алардын ичинде Кувейт, Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабиясы бар.

3-мартта Американын Кувейттеги элчилиги убактылуу жабылганын жарыялады. АКШнын Мамлекеттик департаменти Бахрейнден, Ирактан жана Иорданиядан айрым дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланып жатканын билдирди.

Ошондой эле америкалык жарандарга Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөрдөн мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүү сунушталды. Мындай өлкөлөрдүн катарына Израил жана башка мамлекеттер менен катар Египет да кирет.

Американын президенти Дональд Трамп NewsNation телеканалына курган маегинде Кошмо Штаттардын Сауд Арабиясындагы элчилигине болгон чабуулга жана америкалык аскерлердин өлүмүнө жооп кайтарыла турганын билдирди.

Кыргызстандын Эр-Рияддагы элчилиги АКШнын элчилигине жакын жайгашкан.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Сауд Арабиясындагы элчилигине жасалган чабуул жана америкалык аскер кызматкерлеринин өлүмүнө "жакында" жооп кайтарыларын айтты. Бул тууралуу ал NewsNation басылмасынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматына караганда, Ирандагы операция башталгандан бери алты америкалык аскер кызматкери каза болуп, дагы 18и жаракат алды.

Мурдараак New York Post гезитине америкалык президент "эгерде зарыл болсо" Иранга АКШнын жөө аскерлерин жөнөтүү ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Ал тапта Кошмо Штаттардын Кувейттеги элчилиги "аймакта уланып жаткан чыңалууга байланыштуу" жаңы маалыматтар чыкканга чейин жабык болорун маалымдады.

16:38 3.3.2026

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Ирандын аймагына жасалган соңку чабуулдардын айынан Натанз шаарында өзөктүк жайдагы айрым имараттар жабыркаганы тууралуу маалыматты ырастады.

Агенттик спутниктен тартылган сүрөттөрүн талдап чыгып, жер астында жайгашкан уран байытуучу заводдун кире бериши зыянга учураганын аныктады.

"Радиациянын жайылышы мүмкүн деген эч кандай кесепеттер күтүлбөйт" деп белгилеген уюм заводдун өзүнө кошумча зыян келтирилбегенин да кошумчалады. Израил менен АКШ Натанздагы уран байытуу заводун өткөн жылдын жайында да бутага алган. Анда ишкана кыйла жабыркаганы тууралуу маалыматтар чыккан.


16:26 3.3.2026

Ирандын Кызыл Ай коому Израил менен АКШнын соңку чабуулдарынан каза болгондордун саны 787ге жеткенин 3-мартта билдирди, бирок алар кимдер экенин тактаган жок. Бул уюм Иран өкмөтүнүн көзөмөлүндө иштейт жана мамлекеттик орган болуп эсептелет.

Мекеме ошондой эле чабуулдарга Ирандын 153 аймагы кабылганын кабарлады.

Иран өкмөтүнүн өкүлдөрү билдиргендей, мерт болгондордун 165и Минаб шаарындагы кыздар мектебинин окуучулары. Алардын айрымдарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-мартта да уланды. Расмий Тегеран көзөмөлдөгөн мамлекеттик маалымат каражаттары мектепте каза болгондор деп 57 ысымдан турган тизмени жарыялашты.

АКШ да, Израил да кайсы бир мектеп соккуга кабылганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирүүдө.

Иран бийлиги бул чабуул үчүн аталган эки өлкөнү айыптап, эл аралык юридикалык деңгээлде соттук териштирүү жүргүзө турганын айтууда.

16:16 3.3.2026

Американын президенти Дональд Трамп Британияны кайрадан сынга алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле «мурункудай эмес» экенин билдирди.

Израил менен АКШнын Иранга каршы алгачкы соккуларына Лондон катышпаганы боюнча The Sun басылмасынын суроосуна жооп берип жатып, Трамп Америка Жакынкы Чыгышта аскердик операция жүргүзүү үчүн Британияга муктаж эмес экенин айткан.

Ошол эле учурда ал Британиянын премьер-министри Кир Стармер «жардам берген жок» деп белгиледи.

Трамп муну менен катар Франция жана Германияны ишенимдүү өнөктөштөр катары мактап, «азыр Европада башка өлкөлөр менен абдан жакшы мамиледебиз» деп кошумчалады.

Стармер 1-мартта АКШга Британиянын аскер базаларын коргонуу мүнөзүндөгү соккулар үчүн пайдаланууга уруксат берерин жарыялаган. Бирок бул базалар Иранга каршы алгачкы чабуулда колдонулган эмес.

Британиянын өкмөт аралык байланыштар боюнча министри Даррен Жонс Лондон мындай кырдаалдарда эл аралык өнөктөштөр менен макулдашып жана так укуктук негиз болгондо гана кадам таштай турганын билдирди.

2-мартта Стармер «менин милдетим Британиянын улуттук кызыкчылыгына эмне туура келерин аныктоо» деп белгилеген.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир катар ракеталык объектилер жана аскердик инфраструктура бутага алынган.

Иран жооп иретинде Перс булуңундагы бир нече мамлекеттеги АКШ аскер базаларына ракеталык сокку урду. Мунун натыйжасында жаңжал Израил–Иран тирешинен кеңири аймактык согушка айланып кетүү коркунучун жаратты.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG