АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгында кеме кыймылынын аскердик жана каржылык коопсуздугу камсыз болорун убада кылды. Аталган кысыкта Иран АКШнын жана Израилдин соңку чабуулдарына каршы жооп чараларын көрүшү мүмкүн деген чочулоодон улам коркунуч жаралууда.
«Эгер зарыл болсо АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү Ормуз кысыгында танкерлерди болушунча тезирээк коштой баштай алат», — деп жазды Трамп 3-мартта өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө.
Ошону менен катар Трамп АКШнын Каржылоону өнүктүрүү боюнча эл аралык корпорациясына (DFC) Перс булуңундагы деңиз соодасына катышы барлардын баарынын камсыздандыруу тобокелдиктерин жабуу жана кепилдик берүү милдети коюлганын билдирди. Анын айтымында, мындай чара энергия өндүрүү үчүн колдонулуучу заттарды ташууга арналат, бирок кеме компанияларынын баарына жеткиликтүү болот.
«Эмне болгон күндө да Кошмо Штаттар БҮТКҮЛ ДҮЙНӨГӨ ЭНЕРГИЯНЫ ТОСКООЛДУКСУЗ ЖЕТКИРҮҮнү камсыз кылат. Алдыда дагы көп иш бар», — деди ал.
Иран менен Омандын ортосунда жайгашкан Ормуз кысыгындагы кемелер Ирандын чабуулдарына кабылышы ыктымал деген кооптонуудан улам мунай баасы дароо жогорулап, фондулук рыноктордо да абал кыйла өзгөргөн.
Бул жол дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз каттамдарынын бири деп эсептелет жана Перс булуңу менен дүйнөлүк деңиздердин ортосундагы жалгыз байланыш кызматын кылат.
Кошмо Штаттар Иранга каршы операциясынын максаттарын жарыялады
Ак үй АКШнын Израил менен биргеликте Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан операциясынын төрт пункттан турган максаттарын атады.
АКШ администрациясы "Эпикалык каардануу" (Operation Epic Fury) операциясынын максаттарын жарыялап жатып: "Америка жеңет. Террористтик Иран режими жеңилет" деп белгиледи.
Маалыматта айтылгандай, биринчи максат - "Иран режиминин ракеталарын жок кылуу", экинчиси - "алардын деңиз флотун жок кылуу", үчүнчүсү - "алардын террористтик өкүлдөрү мындан ары дүйнөнүн туруктуулугун буза албасын камсыз кылуу" жана төртүнчүсү- "Иран эч качан ядролук куралга ээ боло албасын камсыз кылуу".
Ирандын борбор калаасы Тегерандагы Эвин абагында камакта отургандардын айрымдары белгисиз жакка чыгарылып кеткенин 3-мартта аталган жайда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан студент Мустафа Мохаммед Хасандын жубайы билдирди.
Анын айтымында, негизинен 209-бөлүмдөгүлөр эвакуация болду. Бул бөлүм саясий туткундардын көбү кармалган жай.
Укук коргоочулардын көңүл буруусу талап кылынып жатканын белгилеген аял камактагылар "гуманитардык оор абалда" калганы болушу ыктымал экенин белгиледи.
Шариф атындагы технологиялык университеттин философия илими кафедрасынын аспиранты Хасан камакка өткөн айда алынган.
Иранда өткөн жылдын соңунда башталып, бир нече апта уланып, январда күч менен басылган нааразылык акцияларынан кийин бул өлкөдө миңдеген адам камакка алынган. Укук коргоочулар АКШнын жана Израилдин соңку операцияларынан кийин Эвин абагында камакта жаткан саясий туткундардын абалына тынчсыздануусун билдирип жатышат. Алардын айтымында, камактагыларга азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз болууда.
"Түрмөнүн башкаруусу үзгүлтүккө учурады. Кызматкерлер эшиктерди кулпулап, байкоо камераларын жаап салышты, абактагы дүкөнгө кирип, күнүмдүк зарыл буюмдарды сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Эвиндин аялдар жаткан бөлүгүндө тамак берилбей калды, бир аз нан гана берип коюшат", - деп билдирди Наргес Мохаммади атындагы фонд.
Ушундай эле абал Караж шаарындагы Кезел Хесар жана Решт шаарындагы Лакан абактарында да түзүлгөнүн камактагылардын жакындары билдирүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаганын, бирок ал «өтө кеч» деп жооп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 3-мартта Truth social социалдык тармагына жазды.
«Алардын абадан коргонуу күчтөрү, аскердик аба күчтөрү, деңиз күчтөрү жана жетекчилиги жок болду. Эми сүйлөшкүлөрү келип жатат. Мен “Өтө кеч!” дедим», — деп жазды.
Ал Иран өкүлдөрү сүйлөшүүнү качан сунуштаганын тактаган жок.
Трамп 2-мартта The Atlantic басылмасына берген интервьюсунда Ирандын жаңы бийликтери сүйлөшүү ниетин билдирип, өзү да диалогго даяр экенин айткан эле.
"Алар сүйлөшүү ниетин билдиришти, ошондуктан мен алар менен сүйлөшөм. Мурдараак ошентишсе болмок. Эртерээк эле ыңгайлуу жана жеңил жагын эске алып сунуш кылышса болмок. Өтө узакка созулуп кетти", - деген эле Америка президенти.
Шерине