Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл

Жакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш качан токтойт?

28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаганын жарыялашты.

Андан эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

15:51 4.3.2026

Израилдин бир нече аймагында бүгүн 4-мартта да ракеталык чабуул тууралуу эскертүү берилүүдө.

Иерусалимдин үстү тартылган видеолордон ракеталар атып түшүрүлгөнүн көрүүгө болот.

Израилдин өзгөчө кырдаалдар кызматы ракеталык сокку же курмандыктар тууралуу эч кандай маалымат түшпөгөнүн билдирди.


15:47 4.3.2026

Адам укуктары боюнча Human Rights Activist News Agency (HRANA) эл аралык агенттиги 3-мартта жарыялаган маалыматында соңку 24 саат ичинде Ирандын 19 провинциясында кеминде 104 жерге сокку урулганын, 31 адам каза болгонун билдирди.

Каза болгондордун 15и, мониторинг тобунун маалыматы боюнча, жайкын тургун, 12си аскер кызматкери, калгандары ким экени тактала элек.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы 28-февралда баштаган азыркы аскердик операциясынан бери, аталган агенттиктин эсебинде, кеминде 1097 жайкын тургундун өлүмү тастыкталды, дагы 5402 адам жараат алды. HRANA Ирандын аскердик базаларына, медициналык мекемелерине жана турак жайларга зыян келтирген соккулар тууралуу да кабарлады.


12:32 4.3.2026

Иранга каршы операция башталгандан берки дээрлик төрт күн ичинде Кошмо Штаттар ирандык аскердик кемелерди, анын ичинде суу алдында сүзүүчү кемени, жалпысынан 17син жок кылды. Ошондой эле Ирандын жалпы аймагында 2 миңдей жерди бутага алып, сокку урду. Бул тууралуу 3-мартта АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы Брэд Купер билдирди.

Х социалдык түйүнүндөгү видеокайрылуусунда ал "Эпикалык каардануу" (Operation Epic Fury) деп аталган масштабдуу аскердик операция АКШнын Жакынкы Чыгыштагы соңку он жылдык ичиндеги эң ири өнөктүгү экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө Перс булуңунда, Ормуз кысыгында жана Оман булуңунда Ирандын бир дагы кемеси жок", - деген Купер муну Ирандын америкалык күчтөргө коркунуч келтирүү мүмкүнчүлүгүн жок кылуу боюнча болуп көрбөгөндөй аракет деп атады.

Жапырт чабуул

Купердин айтымында, операцияга 50 000ден ашуун америкалык аскер кызматкери, 200дөн ашык согуштук кыргын салуучу учак, сокку уруучу учактарды алып жүрүүчү кемелердин эки тобу жана алыскы аралыкка учуучу бомбалоочу учактар катышууда. Азыркы операциянын баштапкы фазасын ал 2003-жылкы Ирактагы өнөктүктөн дээрлик эки эсе чоң масштабда деп мүнөздөдү.

B-52 учагы
B-52 учагы

Израил менен биргеликте иштеп жаткан америкалык күчтөр Иранга "деңиз түбүнөн тартып космоско жана кибермейкиндикке чейинки" соккуларын уруп жатканын белгилеген Брэд Купер АКШнын аскерлери төмөнкүдөй натыйжага жетишкенин билдирди:

  • 2 миңдей ок-дары менен 2 миңдей бутага сокку урулду;
  • Ирандын абадан коркунучка каршы коргонуу мүмкүнчүлүгүн кыйла алсыратты;
  • Баллистикалык ракеталар жана согуштук дрондор учурула турган түзүлүштөрдүн жүздөгөнү жок кылынды;
  • Ирандын 17 кемеси сууга чөктүрүлдү, алардын арасында Тегерандын аскердик жактан эң кубатуу деп эсептелген суу алдында сүзүүчү кемеси да бар.


Ошондой эле, анын айтымында, америкалык бомбалоочу B-2 жана B-1 учактары Ирандын аймагындагы ракеталык объектилерге чабуул коюп, B-52 бомбалоочу учактары баллистикалык ракета инфраструктурасын жана башкаруу борборлорун бутага алды.

АКШнын Аскер-деңиз флоту учак алып жүрүүчү кемелердин эки тобунан канаттуу ракеталар менен бир нече сокку урганы, армия бөлүктөрү алгачкы жолу алыскы аралыкка жогорку тактык менен атуучу PrSM ракеталарын колдонуп көргөнү маалымдалды, бирок алар кайсы жерден учурулганы айтылган жок.

Купердин айтымында, Scorpion Task Force деп аталган дрондук атайын топтун курамына башында Ирандын долбоорлору боюнча иштелип чыккан бир бутага багытталган чабуулчу дрондор да кирген.

Ирандын жообу

Өз кезегинде, азыркы тиреш башталгандан бери, Тегеран 500дөн ашык баллистикалык ракета жана 2000ден ашык дрон учурганын айткан Купер Тегеранды "ылгабай, жайкын тургундарды бутага алды" деп айыптады.

Жооп чараларын көрүп жатканына карабастан Ирандын америкалык күчтөргө жана АКШнын аймактагы өнөктөштөрүнө сокку уруу мүмкүнчүлүгү, Купер белгилегендей, төмөндөп баратат.

"Бизди ким аткыласа, ошонун баарына сокку урабыз", - деген Купер азыркы тапта америкалык күчтөр Ирандын калган мобилдик баллистикалык ракета учуруучу жайларын издеп жатканын кошумчалады.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы бул өнөктүктү "өтө татаал жана тарыхый" деп атап, бардык америкалык аскер кызматкерлеринин аракеттерин жогору баалап, Кошмо Штаттар жана союздаштар өз максаттарына жетет деген ишенимин билдирди.

"Биз эми гана баштап жатабыз. Бирок мен өнөктөштөрүбүз менен биргеликте аскердик максаттарыбызга жетебиз деп толук ишенем", - деди ал.

11:08 4.3.2026

Трамп Иран маселесине байланыштуу Испания менен сооданы токтотуу ниетин билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Мадрид Иранга сокку уруу үчүн өз базаларын колдонууга уруксат бербегени жана аскердик чыгымдарды ички дүң өнүмүнүн беш пайызына чейин көтөрүүгө макул болбогону үчүн Вашингтондун Испания менен соода мамилелерин толугу менен токтотуу ниети бар экенин билдирди.

"Алардын эли улуу, бирок жетекчилиги улуу эмес. Өзүңүздөр билгендей, алар НАТОдогу төлөмдү 5% чейин көтөрүүгө макул болбогон жалгыз өлкө. Алар баарын 2% деңгээлинде калтырууну каалашты, бирок ошону да төлөбөй жатышат. Ошондуктан биз Испания менен болгон бардык сооданы токтотобуз", - деди Трамп Ак үйдө Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен жолугушууда.

Трамп ошондой эле АКШ кааласа Испаниянын базаларын Мадриддин макулдугусуз эле колдоно аларын кошумчалады.

Мерц Берлин менен Вашингтон "Ирандагы бул коркунучтуу режимди кулатуу маселесинде бирдей көз карашта" экенин билдирди.

“Испанияны коргонуу чыгымдарынын 5 пайыздык максаттуу көрсөткүчүн сактоого көндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Биз ирандык режим кулагандан кийинки стратегияны карап чыгышыбыз керек. Бул Европа жана Израил үчүн өзгөчө маанилүү”, - деп белгиледи канцлер.

Мадрид жана Вашингтон Испаниянын түштүгүндөгү Морон жана Рота базаларын чогуу колдонушат. Испания буга чейин бул жайлар Иранга сокку уруу үчүн колдонулбай турганын билдирген. Бул окуядан кийин америкалык авиация Германияга которулган.

Испания бийлиги Трамптын билдирүүлөрүнө жооп катары Вашингтонду эл аралык укукту жана Евробиримдик менен түзүлгөн соода келишимдерин сактоого чакырды. Ошондой эле мүмкүн болгон экономикалык кесепеттерге даяр экендигин баса белгиледи.

Мадрид АКШ тараптан соода эмбаргосу киргизилсе анын кесепеттерин жумшартуу үчүн зарыл ресурстарга ээ экенин тактаган.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG