Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл
Израилдин Бейрутка чабуулунда тартылган сүрөт. Март, 2026-жыл

Жакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш качан токтойт?

28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаганын жарыялашты.

Андан эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

20:28 24.3.2026

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун телефондон сүйлөшүүсү бурулуш учур болуп, Дональд Трамптын ирандык энергетикага соккуларды токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимине алып келди. Бул тууралуу израилдик Ynet басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Израилге байланыш тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.

Аталган басылма Вашингтон менен Тегерандын ортосунда жашыруун байланыш түзүү аракети ортомчулар аркылуу согуштун төртүнчү күнүнөн тартып көрүлгөнүн, бирок андан майнап чыкпай келгенин кошумчалады.

Израилдин 17-мартта Американын макулдугу менен ишке ашкан жана Иран тараптан сүйлөшүүдө маанилүү роль ойногон улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижанини жок кылган операциясы абалды татаалдаштырып жиберген.

24-мартта Ларижанинин ордун 72 жаштагы Мухаммад Багер Зулкадр ээлегени маалым болду. Ал Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунда иштеп, анын кол башчысынын орун басары болгон.

Басылма жазгандай, тараптардын сүйлөшүүсү акыркы апталарда гана активдешип, 22-мартта Аракчи менен Уиткофф жолугушкан. Анда Аббас Аракчи Ирандын жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи сүйлөшүүлөрдү жактап, Тегерандын талаптары аткарылса, согушту токтотууга даяр экенин билдирген.

Иран жогору байытылган уранды Орусияга толук көлөмдө болбосо да чыгаруу маселесин талкуулоого даяр экенин айтып, ракеталык программа тууралуу талкуулардан баш тарткан. Уиткофф АКШ Иранда ракеталык программа толук жок болушу керек деген бекем позицияда экенин белгилеген.


Ynet басылмасы жазгандай, бул сүйлөшүү коомдук жайда Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнердин катышуусунда өткөн.

23-мартта Трамп акыркы эки күн ичинде Тегеран менен «абдан жакшы жана жемиштүү» сүйлөшүүлөр өткөнүн айтып, Ирандын энергетикалык инфраструктурасына каршы соккуларды беш күнгө токтотуп турууну тапшырганын билдирген.

16:32 24.3.2026

Кувейтте дрон чабуулунан жети электр линиясы жарактан чыкты, Сауд Арабиясында дрондор кармалды.

24-мартта Кувейт өзүнүн абадан коргонуу системасы ракеталык жана дрон чабуулдарынын мизин кайтарып жатканын, жарылуулардын добушу ушуга байланыштуу экенин билдирди. Аскерлер жарандарды бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырды.

Кувейттин Энергетика министрлиги жети электр линиясы дрондор кулаганда жарактан чыкканын маалымдады.

Ал эми Сауд Арабиясы 24-мартта өзүнүн абадан коргонуу күчтөрү жалпысынан 19 учкучсуз учакты жок кылганын, алар өлкөнүн чыгышындагы аймактарга багытталганын жарыялады.

Улуу Британия Ирандын Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуулуна каршы туруу үчүн кыска аралыктагы абадан коргонуу системасын аймакка жайгаштырарын билдирди.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер жабдуу Бахрейн, Кувейт жана Сауд Арабиясына берилерин тактады. Учкучсуз апараттарга каршы Rapid Sentry системасы Кувейтке да жеткирилет. Ал эми британиялык аскердик кеме Жер Ортолук деңизинин чыгыш тарабына жиберилген.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, британ бийлиги өлкөнүн аймактагы аскердик катышуусу акыркы 15 жылдан бери эң жогорку деңгээлге чыкканын кабарлаган. Чөлкөмдөгү мамлекеттерди колдоого багытталган ыкчам учуулар да көбөйгөн.

28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштагандан бери болжол менен 1300 адам мерт болгону кабарланган. Алардын арасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да бар. Натыйжада аймакта кырдаал курчуган.

Иран жооп катары Израилге, Иорданияга, Иракка жана АКШнын Перс булуңундагы аскер объектилери жайгашкан өлкөлөргө дрон жана ракета менен сокку уруп келет.

Израил Ливанда Иран колдогон "Хезболла" террордук тобуна байланышы бар объектилерге сокку уруп жатат.

Иран ушул тушта дүйнөлүк мунайдын маанилүү бөлүгү өткөн Ормуз кысыгын дээрлик бөгөттөп турат. Мындан улам мунайдын дүйнөлүк баасы кымбаттады. Ушул тушта Перс булуңунда бир топ соода кемеси токтоп турат.


16:18 24.3.2026

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ТИМ президент Садыр Жапаровго Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал тууралуу маалымат берген. Өзгөрүп жаткан кырдаалдан улам мамлекет башчысы министрликке Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул чаралар элчилик кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана саламаттыгына ыктымал тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталат.


Иранга АКШ менен Израилдин биргелешкен аскердик операциясы башталган 28-февралдан бери Жакынкы Чыгышта кырдаал курчууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жалпы Перс булуңунда 22 миң кыргызстандык бар экенин кабарлаган. Аларды эвакуациялоо иштери 4-мартта башталган.

Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев учурда Иранда 100гө чукул кыргызстандык бар экенин “Азаттыкка” 2-мартта билдирген. Алардын арасында элчиликтин кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү да бар. Ирандагы кыргызстандыктардын айрымдары коопсуз жактарга чыгарылганы кабарланган.

16:16 24.3.2026

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгү «абдан жогору» экенин айтты. Ал дем алыш күндөрү өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын энергетикалык инфраструктурасына сокку урууну беш күнгө жылдырганын билдирди.

Трамп анын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер Иран тарап демилгелеген сүйлөшүүлөргө катышканын айтты. Бул тууралуу ал 23-мартта Air Force One учагына отурар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

АКШ президенти кошумчалагандай, сүйлөшүүлөр Ирандын «жогорку даражадагы» өкүлү менен өткөн, бирок бул Можтаба Хаменеи эмес.

Трамп бул жолугушуулар «маанилүү макулдашуу баскычтарына» алып келгенин белгиледи.

«Биз жетекчиликтин биринчи, экинчи жана негизинен үчүнчү баскычтарын жок кылдык. Бирок биз менин оюмча эң кадыр-барктуу жана негизги лидер болгон адам менен иш алып барып жатабыз», — деди Дональд Трамп журналисттерге.

Ага чейин АКШ президенти Truth Social социалдык тармагы аркылуу АКШ согушту токтотуу боюнча «жемиштүү сүйлөшүүлөрдү» өткөргөнүн жарыялаган.

«Ошондуктан мен АКШнын Коргоо министрлигине Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык инфраструктурасына каршы бардык аскердик соккуларды беш күнгө жылдыруу боюнча көрсөтмө бердим», — деген Трамп.

Ал бул чечим сүйлөшүүлөрдүн ийгилигине жараша болорун кошумчалады.

Бирок Ирандагы расмий адамдар жана мамлекеттик маалымат каражаттары мындай сүйлөшүүлөр болгонун дароо четке какты.

Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын деп саналган Tasnim жана Fars агенттиктери өз булактарына таянып, Тегеран менен Вашингтондун ортосунда түз да, кыйыр да «эч кандай сүйлөшүү жүрбөгөнүн» жазышты.

Ошол эле учурда Оман мамлекети Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүүсүн камсыздоо боюнча «жигердүү иш алып барып жатканы» маалым болду. Бул тууралуу Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди социалдык тармак аркылуу билдирди.

Буга чейин Вашингтон менен Тегеран ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу эч кандай расмий билдирүү болгон эмес.

Израил да бул боюнча комментарий берген жок, бирок Трамптын билдирүүсүнөн көп өтпөй өлкө Ирандын борбордук аймактарына аба соккуларын жасап жатканын билдирди.

Ормузду ачуу талабы

Трамптын билдирүүсү ал Иранга койгон мөөнөт жакындап жаткан учурда жасалды. Ал Ормуз кысыгын ачуу талабын койгон.

Трамп Тегеранга 23-мартта Вашингтон убактысы боюнча саат 19:44кө чейин бул стратегиялык жолду «толук ачуу» талабын койгон.

Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү мунай жана газдын болжол менен 20% өтөт. Эгер талап аткарылбаса, Ирандын электр станциялары толугу менен жок кылынары эскертилген.

Анын алдында Трамп АКШнын негизги максаттары аткарылды деп, аскердик операцияларды «акырындап токтотууну» карап жатканын айтканынан кийин жасалды.

Ошол эле учурда АКШнын Коргоо министрлиги аймакка миңдеген кошумча кургактагы аскерлерди жөнөтүп жатканы кабарланууда.

Иран Трамп электр станцияларына сокку урса, жооп кайтарарын буга чейин эле билдирген.

Ирандын аскердик командачылыгы мамлекеттик медиага билдиргендей, эгер өлкөнүн күйүүчү май жана энергетикалык инфраструктурасына сокку жасалса, анда аймактагы АКШга тиешелүү бардык энергетикалык объектилер бутага алынат. Ошондой эле деңиз суусун шордон тазалган объектилери да соккуга кабылары айтылган.

«Өлкөбүздөгү электр станцияларына жана инфраструктурага сокку урулгандан кийин дароо эле аймактагы бардык маанилүү инфраструктура, энергетикалык жана мунай объектилери мыйзамдуу бута болуп эсептелет жана кайтарылгыс түрдө жок кылынат»,-деген Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Калибаф.

Трамп Ирандагы кайсы электр станцияларына сокку уруларын тактаган эмес. Ал эми кокус бул сценарий ишке ашып кетсе, Тегерандын жооп соккулары Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Бул өлкөлөр энергияны көп керектейт жана деңиз суусундагы шордон тазалоого катуу көз каранды. Бахрейн менен Катар суунун 100% деңизден тазалоо аркылуу алса, башка өлкөлөрдө бул көрсөткүч 50–80% түзөт.

HRANA укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, 28-февралдан бери АКШ менен Израил соккуларды баштагандан бери Иранда үч миңден ашуун адам каза болгон.

Бул жаңжалдан улам күйүүчү майдын баасын көтөрүлүп, дүйнөлүк инфляция боюнча кооптонуулар күчөдү. Ошондой эле Жакынкы Чыгышта жана Батышта согуш кеңейип кетиши мүмкүн деген кооптонууларды жаратты.

Brent мунайынын баасы жаңжал башталгандан бери кескин өскөн, бирок Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр тууралуу билдиргенден кийин бир топ төмөндөдү.

Дональд Трамп журналисттерге сүйлөп жатып, өткөн жумада Иран мунайына карата санкцияларды жеңилдетүү чечими кабыл алынганын айтты.

Бул чечим айрымдар тарабынан Иранга Жакынкы Чыгыштагы чабуулдарын каржылоого шарт түзөт деп сынга алынган.

Трамп болсо муну «системада мунай мүмкүн болушунча көп болушу үчүн» жасаганын белгиледи.

23-мартта күндүн ортосунда соода учурунда Brent мунайынын баасы бир баррели үчүн болжол менен 102 долларды түзүп, бир күн ичинде дээрлик 9% төмөндөгөн.

Туурасы 33 чакырымды түзгөн Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү деңиз аркылуу ташылган мунайдын болжол менен үчтөн бири өтөт. Иран бул кысыкты чынжыр же аскердик флот менен түз бөгөттөгөн жок. Анын ордуна миналарды жайгаштырып, коммерциялык кемелерге сокку уруп, GPS сигналдарын бурмалап жатат.

Миналарды жайгаштыруу оңой, аларды кадимки балык уулоочу кайыктардан эле коюуга болот. Бирок аларды тазалоо таптакыр башка маселе. АКШ жана анын союздаштары Перс булуңундагы согуштан кийин Кувейттин аймагынан 907 минаны тазалоо үчүн 51 күн жумшаган, үстүнө Ирактын мина талааларынын карталары да болгон. Ал эми Ирандын чектелген гана миналоо операциясы да кысыктын айлар бою жабылышына алып келиши мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG