Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Махачкаладагы тополоңдун Борбор Азияга сабагы


Согушту токтотуу талабы менен чыккандар. Бишкек. 28-октябрь, 2023-жыл.
Согушту токтотуу талабы менен чыккандар. Бишкек. 28-октябрь, 2023-жыл.

Жакынкы Чыгыштагы согуш Орусиянын Украинадагы урушун күн тартибинен чыгарып, жергиликтүү Телеграм жана Фейсбуктагы социалдык баракчаларында көбүрөөк талкууланган геосаясий жаңжал болуп калды жана бул Борбор Азия өкмөттөрү үчүн күтүүсүз болду.

Ушул апта башында өзбек лидери Шавкат Мирзиёев чече турган чукул маселе бар эле. Ташкентте палестиналыктарды колдогон демонстрацияга катышканы үчүн ондогон өзбек жарандары кармалгандан эки күн өткөндөн кийинки анын билдирүүсү ачакей мүнөздө болду.

31-октябрдагы өкмөттүн жыйынында Мирзиёев Өзбекстан анын эгемендик укугу менен палестина элине “өзгөчө тилектештигин билдирерин” айтып, Израил менен Палестинанын ХАМАС куралдуу тобунун ортосунда согуш башталгандан бери “бейкүнөө, карапайым калк арасында көп сандаган курмандыктар болгондугун” белгиледи.

Буга байланыштуу Мирзиёев Өзбекстандын өкмөтү БУУнун аталган чөлкөмдөгү гуманитардык миссиясына 1,5 миллион доллар өлчөмүндө жардам бөлгөнүн айтты.

Ошол эле учурда ал 29-октябрда Ташкентте өткөн нааразылык акциясына жарандарды чыгарган Телеграмдагы чакырыктар сыяктуу "чагымчыл аракеттерге өзбектер көңүл бурбашы керек" деп эскертти.

Кыязы, Мирзиёев жана башка Борбор Азия лидерлери өткөн аптадагыдан да алда канча кооптуу деп, алдыдагы элдик толкундоолордон чочулап жаткандай.

29-октябрга караган түнү Орусиянын Дагестан Республикасындагы Махачкала аэропортуна көп кишилер Израилден келгендерди издеп кирип барган. Чыр-чатактын айынан келип чыккан башаламандык башка өлкөлөргө да жайылып, бөлөк региондордогу бейпилдикке коркунуч келтириши мүмкүн деген кооптонуу жаратты.

Дагстан Республикасынын Махачкала аэропортунда күч түзүмдөрү коопсуздукту камсыз кылууда. Орусия. 2023-жыл, 31-октябрь
Дагстан Республикасынын Махачкала аэропортунда күч түзүмдөрү коопсуздукту камсыз кылууда. Орусия. 2023-жыл, 31-октябрь

Түндүк Кавказдагыдай эле, Борбор Азиядагы мурунку советтик беш республиканын калкы - негизинен мусулмандар.

Аймагына ХАМАСтын 7-октябрда күтүүсүз басып киргенине жооп иретинде Израилдин Газа тилкесин жапырт аскерий бомбалоосу чөлкөмдөгү эң көп талкууланган геосаясий темага айланып, Орусиянын Украинадагы согушун оңой эле четке сүрүп таштады.

"Бул чыр-чатак бүткүл дүйнө көңүлүн бурду, ошондуктан өкмөттөргө коомдогу аталган темага байланышкан өтө талаш-тартыштуу талкууларга жооп кылууга туура келип жатат", - деди чөлкөмдөгү ислам жана жарандык коом боюнча эксперт Илхам Умарахунов.

"Ошол эле учурда алар радикал топтор же алардын айрым саясий оппоненттери бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элди козутпашы үчүн аракет көрүүдө", - деп кошумчалады эксперт.

ЭЛДИН КӨҢҮЛҮН БУРУУНУ КӨЗДӨГӨН ДИПЛОМАТИЯ

Борбор Азия, албетте, бирдиктүү эмес. Расмий бейтарап Түркмөнстан - чөлкөмдөгү чыр-чатак боюнча эч кандай билдирүү жасабаган жалгыз өлкө.

“Азаттыктын” түркмөн редакциясы - “Азатлык” "Түркмөнстандын борбору Ашхабадда Палестинага тилектештик билдирген демонстрация бийлик тарабынан басылды" деген чет элдик басылмалардын маалыматын текшерүүгө аракет кылды.

Бирок “Азатлыктын” журналисттери кабарда айтылган сейил бакта нааразылык акциясын өткөрүү аракети болгонун ырастаган эч кандай далил таба алган жок.

Түркмөнстандын маалымат айдыңы дүйнөдөгү эң катуу көзөмөлдөнгөндөрдүн бири: бийликтегилер спутник антенналарын сатууга дайыма тыюу салып келет. Ал эми жакында эле акыркы иштеп жаткан IMO мессенжерине бөгөт коюшту.

Бирок бир айга жетпеген убакытта миңдеген адамдардын өмүрүн алган жаңжалга байланышкан уу-дуу Борбор Азиянын башка төрт өлкөсүндө жакын арада басылчудай эмес.

Өзбекстанда “Азаттыктын” өзбек редакциясы жүргүзгөн мониторинг жергиликтүү Телеграм-каналдар Израилдин товарларына бойкот жарыялоо боюнча нускамаларга жык толгонун көрсөттү. Инстаграмдагы ушундай эле акцияны өзбек эстрадасынын ардагери, ырчы Юлдуз Усманова жетектеген.

Американын Proctor & Gamble эл аралык корпорациясы чыгарган Ariel кир жуугуч каражаты "Израилдин маркум лидери Ариэл Шарондун ысымы менен аталган" деген жалган ушактан улам төө бастыга калды.

Чөлкөмдө жана анын чегинен сырткары социалдык тармактардын уу-дуу болушуна түрткү берген окуялардын бири, палестиналык булактардын маалыматына ылайык, 17-октябрда Газа шаарындагы Аль-Ахли ооруканасында жүздөгөн адамдын өмүрүн алган жарылуу болду.

Газа шаарындагы Аль-Шифа ооруканасындагы жараланган палестиналыктар. 2023-жыл, 17-октябрь
Газа шаарындагы Аль-Шифа ооруканасындагы жараланган палестиналыктар. 2023-жыл, 17-октябрь

Буга жооп кылып региондун үч тышкы иштер министрлиги Израилдин атын атабастан каргашаны катуу айыпташты (Израил бул үчүн жооптуу эмес экендигин айтып келет).

Тажикстандын билдирүүсүндө “абадан бомбалоо” жөнүндө сөз болсо, ал эми Өзбекстандын билдирүүсүндө “зомбулуктун жосунсуз жоругу” сынга алынган.

Мындай аныктамалар жардыруунун себептерин Газа тилкесиндеги исламчыл топтор аткан ракетанын жаңылыш учурулганына байланыштырып чечмелөөгө мүмкүндүк бербейт. Бул тууралуу Израил менен Америка Кошмо Штаттары, башка мамлекеттер да билдирүү жасашты.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги гана 17-октябрдагы билдирүүсүндө оорукана тууралуу атайын сөз кылбады, бирок Израилди “Газа тилкесиндеги жайкын тургундардын кырылуусуна алып келген ыксыз күч колдонуудан алыс болууга” чакырды.

Ушундай эле нукта 7-октябрда “ХАМАСтын Израилдин жайкын тургундарга кол салышын жана чет элдиктерди да кошо барымтага алганын” Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев гана айыптап, кол салууну террордук акт катары баалады.

3-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев (ортодо) Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынын өткөрүп жатып, анын өлкөсү Палестинага 1 миллион доллар жардам көрсөтөрүн убада кылды.
3-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев (ортодо) Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынын өткөрүп жатып, анын өлкөсү Палестинага 1 миллион доллар жардам көрсөтөрүн убада кылды.

Чөлкөмдө Казакстан Израил менен тыгыз соода-сатык жүргүзүп келет. Анын үстүнө аталган бизнестин өтө жашыруун бөлүгү израилдик киберкурал менен алектенген компания NSO Group тарабынан иштелип чыккан Pegasus тыңчылык программасын сатып алууну камтыйт.

Ирандын мусулман өлкөлөрүнүн Израилге мунай экспорттоону токтотуу чакырыгын Астана дагы эле этибарга албай келет.

Бирок Казакстан Израилге жайкын тургундар менен жарандык инфратүзүмгө кол салуудан кармануу керектигин эскертип, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен бирге Израил жана ХАМАСты гуманитардык элдештирүү боюнча резолюцияны колдоду. Ал 27-октябрда 120 добуш менен БУУда кабыл алынган. 14 мамлекет каршы добуш берген. (Добуш берүүгө Түркмөнстан катышкан жок)

Ал эми 3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынын өткөрүп жатып, Токаев өлкөсү Палестинага 1 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөрүн убада кылган.

"Ушуга байланыштуу биз ар кандай чыр-чатакты тынчтык сүйлөшүүлөр жана дипломатиялык диалог аркылуу гана чечүүгө чакырабыз. Биз үчүн бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоо жана алардын ички иштерине кийлигишпөө негизги артыкчылык болуп саналат", - деди Токаев жолугушууда.

“ХАМАСТЫ “ЖАКЫН ӨНӨКТӨШТӨР” ОРУСИЯ МЕНЕН ТҮРКИЯ “МЫЙЗАМДАШТЫРГАН”

Мирзиёевдин чыр-чатак жаатындагы тайманбас туруму Израилди колдогон топтордун көз жаздымында калган жок.

“Жакынкы Чыгыш тууралуу чындык үчүн” фондунун өкүлү Жозеф Эпштейн “Азаттыкка” курган маегинде Мирзиёевдин “ХАМАСты айыптабашы үчүн ички да, эл аралык да себептери” бар экенин айтты.

Эпштейндин сөзүнө караганда, Өзбекстандын «жакын өнөктөштөрү» Түркия менен Орусия "аталган топту айыптоодон карманып эле калбай, иш жүзүндө аны мыйзамдаштырышкан".

Ошол эле учурда Мирзиёев бул маселедеги турумун аныктоо менен “өз калкымдын арасында баркымды түшүрүп коёмбу” деп кооптонууда.

"Дагестандагыдай эле, Өзбекстанда да экстремизмдин бугуп жаткан чоң көйгөйү бар", - дейт Эпштейн.

Израилдин Ташкенттеги элчилиги комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө дароо жооп берген жок.

29-октябрда Ташкентте кармалган демонстранттардын көбү айып пул менен бошотулса, кеминде үчөө кыска мөөнөттүү административдик камакка алынганы кабарланууда.

Коңшу Кыргызстанда бул жаатта ар кандай нааразылык акциялары көп жылдардан бери болуп келет.

Президент Садыр Жапаровдун катаал өкмөтү өлкөнүн борбору Бишкектин көпчүлүк райондорунда митинг өткөрүүгө иш жүзүндө тыюу салганы менен, бийлик 28-октябрда шаарда 100 адамдын катышуусунда палестиналыктарга тилектештик митингин өткөрүүгө уруксат берди.

Митингде сүйлөгөндөрдүн бири, президенттикке эки жолу талапкер болгон Турсунбай Бакир уулу ушул айдын башында Бишкекте подкастка талаштуу маек берген.

Учурда Жапаровдун тутунган линиясы бийликке коркунуч туудурган маселелерди көзөмөлгө алууга абройлуу жана сынчыл маанайдагы саясатчыларга жол бербей турганын көрсөтүп турат.

Аль-Ахли ооруканасындагы каргашалуу окуядан бир нече күн өткөндөн кийин өкмөтчүл парламенттин мүчөлөрү жабырлануучулардын пайдасына бир күндүк депутаттык маянасын бөлүп, Палестина аймактарына каржылык жардам көрсөтүүгө макул болушту.

Ал эми Кыргызстандын таасирдүү Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 3-ноябрда Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышууга далалат кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын катуу эскертти.

"Акыркы күндөрү ЖМКларда социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын Палестина үчүн жихад кылуу зарылчылыгы тууралуу чагымчыл билдирүүлөрү, жазгандары же айткандары жана комментарийлери пайда болду", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG