Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

ЖАМУ жүздөн ашуун өзбекстандык студентти окуудан чыгарды


Ошто билим алган өзбекстандык студенттер. Сүрөт иллютсрация үчүн колдонулду, макаладагы окуяга тиешеси жок.
Ошто билим алган өзбекстандык студенттер. Сүрөт иллютсрация үчүн колдонулду, макаладагы окуяга тиешеси жок.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык факультетинде жүздөн ашуун өзбекстандык студент окуудан чыгарылды. Жетекчилик алар сабакты көп калтырганын жүйө келтирсе, студенттер жана айрым окутуучулар муну "акча өндүрүүнүн амалы" деп сыпатташууда.

Өзбекстандык студенттерге байланыштуу маселе 20-майдан кийин күчөдү. Анын алдында социалдык тармактарда окуу жайдын залында студенттер нааразылык билдирип жаткан жыйындын видеосу тараган. Анда студент кыздардын бири деканаттагыларга минтип кайрылган:

“Дарылоо ишин Өзбекстанга практикага барып үйрөндүм. Сабактан бизге эч нерсе үйрөтүшпөйт. Сентябрдан бери коррупция. Акча берсең окууда каласын, акчасы жоктор айдалат. Биз эмне кылышыбыз керек?”.

Залда кыздын сөздөрүн ондогон студенттер кол чаап, кубаттап турушкан.

“Азаттык” аталган окуу жайда билим алган бир канча өзбекстандык студенттер менен байланышты. Алар аты-жөнүн чыгарбоо өтүнүчү менен сүйлөп, окуу жайда окутуучулар чет элдик студенттерден такай акча алып, баа коёрун билдиришти. Арасында кээ бирлери "окутуучулар акча алат" дегенди төгүндөп, окуу сапатын макташты.

Бухарадан келгенин айткан жигит апрель айында ооруп эки жума сабак калтырганын, бирок деканат аны “100 сабакка катышпады” деген негизде окуудан чыгарганын, бир жылга төлөгөн окуу акысы күйүп кеткенин белгиледи.


Акушердик жана педиатрия кафедрасында окутуучу болуп иштеген Аскар Сейдалиев студенттердин сөздөрүн “Азаттыкка” тастыктап, 300 студент окуудан айдалуу коркунучуна туш болгонун билдирди.

“Көбүнчө “сабакка келбеди” деген негизде студенттерди “акчага сындырышат”. Деканататтагылар окутуучулардан кимдер сабакка келбей жатканын сурап, тизмесин алышат. Анан ошол студенттерди чакырып сүйлөшүшөт. Акчасын алышат. Бир күн карасаң эле ал студент кадимкидей окуп жүргөн болот”, - деген Сейдалиев сабакка такыр келбеген улан-кыздар да бар экенин, жетекчилик ошолорго гана чара көрсө жакшы болорун кошумчалады.

Гүлбара Ташиева
Гүлбара Ташиева

Декан Гүлбара Ташиева муну куру доомат деп, өзү 21-февралда бул кызматка дайындалганын, ошондо эле сабакты көп калтыргандар окуудан чыгарылары жөнүндө тайпа башчылар аркылуу эскертүү берилгенин айтты.

"Биздин бүтүрүүчүлөр кийин башкалардын саламаттыгына жооптуу болушат. Бул – биздин мойнубуздагы чоң жоопкерчилик. Айрым студенттер "ооруп калгандыктан сабакты калтырдым" деп медициналык маалымкат алып келишти. Ар бир маалыматты тыкыр текшердик. Ал тургай, чек арадан качан кирип-чыкканына чейин билдик. Калп эле оорудум деп алдап койгондор аныкталды. Ошентип отуруп 117 студентти окуудан чыгардык”, - деген Ташиева студенттер акча сунуштап, “ишин чечип берүүнү” суранып жатканына токтолду:

“Өзү сабакка келбейт, бирок уялбай мага – деканга кирип “ишти бүтүрүп салбайлыбы” дешет. “Кыргызстанда акча менен бүтүрсө болот го” деген сөздөрдү да айтып жатышат. Мен буга жол бербейм”.

Ташиева сабакка келбеген 50дөн ашуун пакистандык, индиялык студенттер да окуудан чыгарылганын маалымдады.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусу.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусу.

"Азаттык" бул маселеде медицина тармагындагы эксперт Аида Зурдинованын пикирин сурады.

"Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги окуянын юридикалык жагын билбейм. Ошондуктан дал ушул жагдайга пикир билдире албайм. Бирок дарыгерликке окуп жаткан студент лекциялардын 50 пайызына катышпаса, окуудан чыгарылышы керек. Медициналык билимге акча менен ээ боло албайсың. Келишимдик акыны берсем эле диплом алам деп ойлобош керек. Сабак окубай диплом алган студент эртең ката кетирсе, ким жооп берет? Андыктан, медициналык факультеттер студенттерге катаал тартип менен окутушу шарт", - деген Зурдинова маселени акча менен чечүүгө окутуучулар өздөрү жол берип, ушундай түшүнүк калыптанып калганына кейиди.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык факультети 2000-жылы ачылган. 2005-жылы жабылып, студенттер башка окуу жайларга которулган. 2010-жылы кайра факультет ачылып, 2012-жылы адистерди даярдоого лицензия алган.

2020-жылдан бери келишимдик негизде чет элдик студенттерди окутушат. Учурда 3300 улан-кыз билим алат. Алардын тең жарымы кыргызстандыктар, 1000ден ашууну Пакистандан, Индиядан жана Банглдештен, 400 чамалуусу Өзбекстандан келген. Анданы тышкары, казакстандык, тажикстандык студенттер бар. Деканаттын маалыматына караганда, окуу акысы бир жылга 120 миң сом. Чет элдик студенттер 1500 АКШ долларынан 2000ге чейин төлөшөт.

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун көзү өткөндөн бир жылдан кийин - 2017-жылы чек арадан нары-бери каттоо жеңилдегенде Кыргызстандагы окуу жайларга тапшырган өзбек жаштарынын саны көбөйгөн. 2020-жылдагы эсепте Кыргызстанда 17 миңдей студент билим алары айтылган.

Өзбекстандын өкмөтүнүн алдындагы Билим берүү сапатын көзөмөлдөө мамлекеттик инспекциясы 2020-жылы жарыялаган маалыматта Жалал-Абад мамлекеттик университети окутуу сапаты начар окуу жай деп белгиленген.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарындагы медициналык жогорку окуу жайларда жана медициналык факультеттерде жүздөгөн чет элдиктер билим алышат. Алардын көбү Индия, Пакистан жана Бангладештин жарандары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG