Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

"Бир үйдөн 28 киши дайынсыз". Зилзалада жоголгондордун көбү табыла элек


Куткаруучулар ураган үйдөн чыккан балдардын сүрөттөрүн дарактарга илип койгон. Кахраманмараш шаары. 14-февраль, 2023-жыл.
Куткаруучулар ураган үйдөн чыккан балдардын сүрөттөрүн дарактарга илип койгон. Кахраманмараш шаары. 14-февраль, 2023-жыл.

Түркиянын 11 аймагында катталган зилзаладан бери туура бир ай өттү. Анкара каза болгондордун саны 46 миңге чукулдаганын кабарлады.

Апааттан кийин жоголгон жакындарын издегендер оорукана, өлүкканалардын эшигин каккылап, бирок майнап чыкпай атканын айтышууда.

"Үмүтүбүз үзүлө элек"

Хатай провинциясынын тургуну Нур Делен агасы Эртугрул Делен менен жергиликтүү каналдардын бирине курган маегинде өлкөнүн түштүк-чыгышындагы ондон ашык ооруканалардан дайынсыз кеткен ата-энесин издегенин айтып берди:

"Биздин үй-бүлө жашаган көп кабаттуу үй зилзаланын алтынчы күнүндө толугу менен тазаланды. Түбүнө чейин казышты. Биздин туугандардан 28 киши ураган үйдүн астынан чыккан жок. Шаардагы бардык оорукана, өлүкканаларды кыдырдык. Дайын жок. Биз туугандарыбызды издөөнү токтотпойбуз. Анткени балким тирүү, балким ооруканада эс-учун таппай жаткандыр деген үмүтүбүз бар. Эгер каза болсо коюлган мүрзөсүн айтышсын".

Фейза Йылмаз.
Фейза Йылмаз.

Фейза Йылмаз да бир айдан бери Малатья шаарында зилзалада кулаган көп кабаттуу үйдүн астынан эжеси жана үч жээнинин сөөгүнүн чыгышын күтүп отурат. Фейзанын эжеси балдарын ооруканага көрсөткөнү Кахраманмараш шаарынан келген экен. Жер силкингенде алар турган үй толугу менен кулап, кийин андан 80 кишинин сөөгү чыккан. Бирок Фейзанын жакындары али табыла элек.

"Тетиги кулаган үйдүн астында эжем үч баласы менен жатат. Мен канча күндөн бери ушул жерде турганымды билбей, санабай да калдым. Алардын тирүү чыгышына үмүтүбүз жок, бирок сөөктөрүн эптеп чыгарып беришсин деп күтүп отурабыз".

Дайынсыз кеткен балдар

6-февралдагы жер титирөөдөн кийин оппозициячыл Республикалык элдик партия "Дайынсыз жоголгон балдар" комиссиясын түзүп, 121 арызды иликтеп чыккан. Комиссиянын 2-марттагы маалыматына ылайык ылайык, 39 наристени жакындары издеп, бирок дайынын эч бир жерден таба элек.

Ал эми Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Дерия Янык, 2-мартта HABERTÜRK телеканалына курган маегинде, ооруканаларда тек-жайы аныкталбаган 81 бала бар экенин айтты.

"Системабызда 1911 бала катталуу. Кудайга шүгүр алардын 1543үн үй-бүлөсүнө тапшырдык. 273 бала ооруканада. Ошол 1911 баланын 1830унун тек-жайын аныктадык, 81 баланыкы али аныктала элек", - деди ал.

Зилзаладан эки күн өткөндөн кийин Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) апаатта мерт болгон, жакындары табылбаган жана тек-жайы аныкталбаган сөөктөр 24 сааттын ичинде жерге берилерин кабарлаган.

Маалыматта табигый кырсыкка кабылган аймактарда сөөктөрдү сактоодо көйгөйлөр болушу мүмкүн экени эскертилет. Сөөк таанылбаган же аны туугандары албаган учурда алардын ДНК, бармак изинин үлгүсү жана сүрөтү алынат. Андан 24 саат өткөндөн кийин сөөк жерге берилет.

Учурда 11 аймакта аты-жөнү аныкталбаган, тактайчада номуру гана көрүнгөн сөөктөр көмүлгөн жапырт көрүстөндөр бар.

Газиантеп шаарында кулаган үй. 7-февраль.
Газиантеп шаарында кулаган үй. 7-февраль.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 5-мартта зилзалада 45 968 киши мерт болгонун билдирди. Министр алардын 44 235инин тек-жайы аныкталганын, калгандарынын маалыматтары тыкыр изилденип атканын кошумчалады.

Ал эми жаратылыш кырсыгы катталган аймактарда куткаруу иштери бүтүп, соңку 15 күндөн бери урандыларды тазалоо иштери уланууда. Хатай жана Кахраманмараш провинцияларында таза суу толугу менен бериле элек. Миллиондогон жаран эвакуацияланган, айрымдары чатырларда баш калкалап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG