Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Зимбабве: оппозиция шайлоо жыйынтыгына нааразы


Оппозициялык "Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн кыймылынын" жактоочулары менен полиция кызматкерлери. 1-август, 2018-жыл.
Оппозициялык "Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн кыймылынын" жактоочулары менен полиция кызматкерлери. 1-август, 2018-жыл.

Зимбабведе 30-июлда өткөн президенттик шайлоодо мамлекетти бир жылдан бери башкарып келе жаткан Эмерсон Мнангагва жеңүүчү деп табылды.

Бирок расмий эсеп боюнча 48 пайыз добуш алганы айтылган оппозициячыл талапкер шайлоо жыйынтыгын тааныган жок. Шайлоодон кийин нааразылык тутанып, полиция менен кагылышта алты адам өлдү.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор полиция менен кагылышты.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор полиция менен кагылышты.

Шайлоонун жыйынтыгын жума күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Присцилла Чигумба жарыялады.

Анын айтымында, ZANU – PF партиясынын (Зимбабве африкалык улуттук союзу – Мекенчил фронт) лидери, өлкөнү бир жылдан бери башкарып жаткан президент Эмерсон Мнангагва добуштардын 50,8 пайызын алды. Эмерсон Мнангагвага 2,46 миллион, ал эми опозициялык талапкер Нельсон Чамизага 2,15 миллион шайлоочу добуш берген.

- ZANU – PF партиясынын талапкери шайлоодо берилген добуштардын жарымынан көбүн алды. Ошондуктан Эмерсон Мнангагва 3-августтан тарта Зимбабве Республикасынын президенти деп жарыяланат, - деди Присцилла Чигумба.

Эмерсон Мнангагва.
Эмерсон Мнангагва.

​Мнангагва - өлкөнү 37 жыл башкарган Роберт Мугабе былтыр кызматтан кеткенден кийинки Зимбабвенин биринчи президенти. 75 жаштагы Мнангагва Мугабенин тушунда чалгын кызматын жетектеген.

Ал эми оппозициячыл "Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн кыймылы" шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Оппозиция шайлоодо талапкер кылып 40 жаштагы Нельсон Чамизаны чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, ал добуштардын 48 пайызын алды. Оппозиционер шайлоодо бурмалоо болгонун, ал чындыгында президент Мнангагваны утканын айтып, өзүн “жеңүүчү” деп жарыялады.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозициялык талапкердин миңдеген жактоочулары да көчөгө чыгып, полиция менен кагылышта алты киши каза болду. Бейшемби күнү полиция "Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн кыймылынын" кеңсесине күч менен кирип барып, 16 адамды кармап кетти.

Нельсон Чамиза.
Нельсон Чамиза.

- Биз Зимбабвенин шайлоо комиссиясын урматтайбыз, биз мыйзамдарды урматтайбыз. Бирок биздин бул урматтообуздан эч ким кыянаттык менен пайдаланбашы керек. Биз бардык шайлоо округдарында Мнангагваны уттук, - деди оппозициянын талапкери Нельсон Чамиза.

Ошентип, 30-июлдагы тарыхый шайлоонун жыйынтыгы 16 миллион калктуу Зибабвени эки жаатка бөлдү. Айрымдары экономикалык туңгуюктагы өлкө эми оңоло баштарына үмүт артса, башкалары президент Эмерсон Мнангагванын учурунда эч кандай жылыш болбойт деп эсептешет.

- Биз бул шайлоо өзгөрүүлөрдү алып келет деп күттүк эле. Ошол үчүн күрөшкөнбүз. Бирок азыр көргөнүбүздөй, абал мындан да оор болот, - деди өлкө борбору Хараредеги таксисттердин бири.

Ал ортодо шайлоодо утканы жарыяланган президент Эмерсон Мнангагва элди ынтымакка чакырды.

«Бул жаңы башталыш. Келгиле, ынтымакка, биримдикке, сүйүүгө биригели жана чогуу Жаңы Зимбабвени куралы» деп жазды ал «Твиттердеги» баракчасына.

Мурдагы президент Роберт Мугабе.
Мурдагы президент Роберт Мугабе.

​94 жаштагы Роберт Мугабе Зимбабве 1980-жылы эгемендик алгандан бери бийликтен түшпөй келип, өткөн жылы армиянын кысымынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Бийликте 37 жыл отурган Мугабенин башкаруусу саясий куугунтук жана экономикалык кыйынчылыктар менен коштолду. Зимбабведеги Мугабе катышпаган биринчи президенттик шайлоого бир катар эл аралык уюмдардын байкоочулары көз салды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG