Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Африка: Мугабе бийликтен кеткиси жок


Роберт Мугабе армия жана полиция башчылары менен. Хараре, 19-ноябрь, 2017-жыл.
Роберт Мугабе армия жана полиция башчылары менен. Хараре, 19-ноябрь, 2017-жыл.

Африка түштүгүндөгү Зимбабве өлкөсүндө президент Роберт Мугабени бийликтен кетирүү аракети уланууда. Бирок күтүлгөндөй президент өзү кызматтан чегингенин жарыялабай жатат. Ага бул үчүн берилген мөөнөт 20-ноябрда түштө аяктады.

15-ноябрдан тартып армия президентти үй камагына отургузуп, башкалаа Хараредеги маанилүү түйүндөрдү ээлеген Зимбабведе президент өзүнүн кызматтан кеткенин 19-ноябрдын кечинде жалпы элге кайрылуусунда жарыялайт деп күтүлгөн. Бирок 93 жаштагы Мугабе сыналгыдагы кайрылуусунда анткен жок. Тескерисинче, бийликтеги партиянын кийинки айдагы курултайына төрагалык кыларын ырастады:

- Курултай саналуу аптадан кийин өтөт. Мен анын иштерине төрагалык кылам. Курултайдын жараяндары коомчулуктун көз алдында анын жыйынтыктарына шек келтирип, күмөн санатпагандай жүрүшү зарыл. Түнүңөр бейпил болсун!

Роберт Мугабенин бул сөздөрүнө чейин Зимбабвенин башкаруучу ZANU - PF партиясынын борбордук комитети чукул жыйын куруп, президентти 20-ноябрда түшкө чейин кызматтан өз эрки менен баш тартууга чакырып, болбосо ага импичмент жарыялана турганын эскерткен.

- Жолдош Мугабе президенттик кызматтан жана ZANU-PF партиясынын биринчи катчылыгынан чакыртылып алынды. Ошондой эле бул резолюцияга ылайык, жолдош Мугабе президенттик жана өкмөт башчылык кызматтан 20-ноябрда түшкө чейин баш тартпаса, Зимбабве Конституциясынын 97-беренесине ылайык, аны президенттиктен чакыртып алуу жараяны башталат, - деди чукул жыйындын чечимин окуп жатып ZANU-PF партиясынын катчысы Патрик Чинамаса.

Бийликтеги ZANU-PF партиясынын чукул жыйынынын катышуучулары. Хараре, 19-ноябрь, 2017-жыл.
Бийликтеги ZANU-PF партиясынын чукул жыйынынын катышуучулары. Хараре, 19-ноябрь, 2017-жыл.

Бийлик партиясынын жыйынындагы бул жарыяны анын катышуучулары кубаныч менен кабыл алып, ал түгүл африкалыктарга мүнөздүү бий менен да коштоп жиберишти.

Башкаруучу партия ошону менен катар Мугабе жакында кызматтан четтеткен мурдагы вице-президент, 75 жаштагы Эммерсон Мнангагваны мамлекет башчынын милдетин аткаруучу жана президентттике талапкер катары да көргөзүүдө.

Армияда таасири бар дал ушул вице-президенттин 6-ноябрда кызматтан алынып, өлкөдөн кетиши жана мамлекет башчылык кызмат эми Мугабенин 52 жаштагы аялы Грэйс Мугабеге өтөт деген кооптонуу өлкөдө иш жүзүндө аскердик төңкөрүш болушуна негизги себеп катары аталып жатат.

Хараредеги демонстрация. 18-ноябрь, 2017-жыл.
Хараредеги демонстрация. 18-ноябрь, 2017-жыл.

Мугабенин президенттиктен кетишин талап кылган демонстрациялар бул күндөрү борбор шаар Харареде өтүп жаткан кези.

- Зимбабве өткөн чактан кол үзүп жатат. Биз жаңы заман жаратууга аракет кылып жатабыз. "Мугабе кетиши керек" деген маселеде биз, зимбабвеликтер, мүдөөбүз бир. Мугабе кетип, бул өлкөдө жаңы заман жаратууга мүмкүндүк бериши керек, - дейт демонстранттардын бири, мурдагы вице-премьер министри Артур Мутамбара.

Дүйнөдөгү эң карыя мамлекет башчы Роберт Мугабе Зимбабвени (мурдагы Родезия) эгемендик алган 1980-жылдан бери башкарып келген. Эми бул өлкөдөгү саясий драма импичмент менен аяктайт деп болжолдонууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG