Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын эсебине ылайык, коронавирус 17-июлда 1654, 18-июлда 1264 кишиден аныкталган. Бул пандемия башталган март айынан бери COVID-19 илдети эң көп катталган күндөр болуп калды.
Кыргызстанда COVID-19 илдети менен алгачкы үч учур 18-мартта катталган. 12-сентябрга карата вирус жугузгандар 44 828ге жетти.
Дагы караңыз
Ибраева: Коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколго 80 дары киргизилдиКыргызстанда коронавирустан 16 кош бойлуу аял каза болдуИлдеттин коркуткан илеби30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы үч бейтап айыгып чыккан. Учурда айыккандардын жалпы саны 40 779 адамды түздү.
Өлкөдө коронавирустан кайтыш болгон учур алгач 2-апрелде катталса, учурда көз жумгандардын саны 1063 кишиге жетти. (TSh)