Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Илдеттин коркуткан илеби


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири, 22-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири, 22-июль, 2020-жыл.

Дүйнөдө коронавирус жуккандар көбөйүп, айрым өлкөлөр жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө. Ал эми Кыргызстанда илдет жуккандар салыштырмалуу азайганы менен илдеттин экинчи толкуну болушу мүмкүн деген кооптонуу бар.

Бийлик коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун алдын алыш үчүн даярдык көрүп жатканын билдирүүдө. Бирок көз каранды эмес адистер өкмөттү буга чейинки каталарды кайталабаш үчүн батыл чечимдерди кабыл алууга чакырууда.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда соңку бир күндө коронавирус илдетинен бир адам каза болду, 87 бейтап жаңы катталды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 8-сентябрда өткөн брифингде ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери күчөтүлгөн темпте жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин өкмөт башчы коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн деп божомолдонуп жатканын кабарлаган:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар объектилерде курулуш жана ремонттук калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. 4-сентябрга карата алардын ичинен жети оорукана бүткөрүлдү. Кара-Суу районундагы 150 орундуу бейтапкана, Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана оңдоп-түзөөдөн өттү. Баткен шаарындагы поликлиникалык бейтапкананын эски имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 90 орундук ооруканага ылайыкташтырылды. Жалал-Абад шаарындагы хирургиялык оорукана, Көк-Жаңгак шаарындагы, Каракол шаарындагы облустук ооруканалар бөлүмү, Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу эски оорукана капиталдык ремонттон өтүп, инфекциялык ооруларга каршы күрөшүүчү оорукана болуп даярдалды. Калган ооруканаларда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бишкектеги курулуп жаткан оорукана 70-75% бүтүп калды».

Боронов кыргыз өкмөтү 221,5 млн. сомго сасык тумоого каршы 700 миң доза вакцина сатып алганын, биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аялуу катмары жана дарыгерлер эмделерин айтты. Андан сырткары дарыгерлерди кайра окутуу жүрүп жатканын кошумчалады.

Деген менен начар даярдыктан улам июнь, июль айындагы апаат кайра кайталанышы мүмкүн деген ойду айткандар да бар.

Далилдөө медицинасы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова өкмөт буга чейинки кетиргендей жаңылыштыктардын алдын алып, даярдыкты күчөтсө, эпидемиянын экинчи толкунунун алдын алса болот деген пикирде.

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

«Өкмөт буга чейинки кетирген каталарын эске алып, эмне кылыш керек экенин алдын-ала пландап алууга тийиш, - дейт ал. - Эл чогулган жерлерде вирус өтө бат жайылары баарыбызга маалым. Бирок азыр өкмөт коомдук транспорттун ишин жөндөй албай жатат. Той-аштар дагы эле өтүп жатат. Буга чейин өкмөт бюджеттин акчасын негизсиз эле коротуп жатты. Коррупциялык коркунуч жараткан жагдайлар өтө көп болду. Эми азыр өкмөт туура иш алып барышы керек. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги экинчи толкунга кантип даярданып жатканы, кандай дары-дармектерди алганы, кандай иштерди жасаганы тууралуу отчет бериши зарыл. Анткени биз буга чейин өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин куру убадасынын курмандыгы болдук».

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Саламаттык сактоо министрлиги дагы эле керектүү медициналык жабдууларды алууга белсенбей жатканын айтты:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Саламаттык сактоо министрлиги азыр бир топ тендерлерди жарыялап жатат. Бирок алардын арасында рентген, томография, флюорография аппараттары жок. Мындай аппараттар бизде жетишсиз. Ал эми аймактарда такыр жок. Алар дарыларга, коргонуу каражаттарына, мээлейлерге, беткаптарга тендер жарыя кылышты. Тилекке каршы, бизге керектүү заманбап медициналык жабдууларга тендер жарыя кылышкан жок. Бул маселе өтө актуалдуу жана өкмөт аны эртерээк чечиши керек».

Эрежени сактабагандар үчүн жаза күчөтүлөт

Ал арада Бишкек мэриясы акыркы үч айда санитардык талаптарды бузган мекемелерге жана ишкерлерге жалпысынан беш жарым миллиондон ашык сомго айып салган жана 2592 протокол түзүлгөн. Бирок буга карабай санитардык талаптарды бузуп, аш-тойлорду өткөргөндөр дагы эле көп.

Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчиси Медербек Амангелдиев мындан ары эрежени бузган тараптар сот жообуна тартыларын билдирди:

«Биздин элдин менталитети жана айып чындап кичинекей болгону эрежелердин кайра-кайра бузулушуна себеп болууда. Азыр бизге чараларды күчөтүү тапшырылды. Мындан ары эрежени сактабагандарды укук коргоо органдары менен биргелешип сот жообуна тартабыз. Буга чейин жеке тараптарга 3000 сом, юридикалык жактара 13 000 сом айып пул каралган болсо, эми эркинен ажыратууга чейинки чара көрүлөт. Бүгүнкү күндө биз 10 эс алуучу борборду жаптык. «Метро-Паб» эс алуу борборуна эки жолу протокол жазылган болчу. Бүгүнкү күндө бул мекеменин иши сотко өткөрүлүп берилди».

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирусту жайылтпоо эрежелерин улам бузуп жаткан кафе-ресторандардын ээлерине айып салуу менен чектелбестен, андай жайларды жапканга чейин барыш керек экенин билдирген. Андан сырткары куран окутуп, маараке өткөргөндөргө жазаны күчөтүүнү тиешелүү органдарга тапшырган.

Ал эми Бишкек мэриясы коомдук транспортто коопсуздук эрежелери сакталбай жатканына тынчсыздаганын билдирип, жарандарды беткап тагынууга чакырууда. 1-сентябрдан баштап Бишкек мэриясы коомдук транспорттун толук иштешине уруксат берген.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 613 адамга жукту, алардын 40 336сы айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 535 бейтап ооруканаларда, 2373 бейтап үйүндө дарыланууда.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, 7-сентябрда дүйнө жүзү боюнча соңку бир сутканын ичинде коронавирус дагы 304 626 адамдан табылды жана бул эң чоң көрсөткүч болуп калды. Илдет жуккандардын саны боюнча АКШ, Бразилия, Индия жана Орусия дагы эле алдыда.

Буга чейинки антирекорд 14-августта катталган жана анда COVID-19 бир күндүн ичинде 304 135 кишиден аныкталган.

Дүйнө жүзү боюнча оору жуккандар 27 миллион кишиге чамалап, 880 миңдей бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG