Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды

Космосбек Чолпонбаев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды. Биринчи май райондук соту 17-сентябрда кечке жуук ушундай чечим чыгарды.

Чечимге ылайык, Чолпонбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын жакындары да бул маалыматты бышыкташты.

Чолпонбаев «кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен 15-сентябрда кармалган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнүн алкагында экс-министр 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. 2020-жылдын 1-апрелинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргызстанда коронавирус илдети алгачкы жолу 18-мартта катталган. 15-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын көбү июнь-июль айларына туура келет.

Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү да күнөөлөп келатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Акыркы үч жылда коррупцияга байланыштуу 6541 иштен сотко 965и гана жиберилгенПрезидент Жээнбеков күч органдарындагы коррупцияны сындадыТөраганын жоругу жана шайлоо мыйзамыДССУ Европада коронавирус кайра жайылып жатканын эскерттиМурдагы элчи Аттокуров Орусиянын да, Кыргызстандын да жараны экенин айттыМосква Навальный үчүн санкцияга кабылмай болдуЭтибар алына элек «экинчи толкун»Коопсуздук кеңешинде өлкөнүн коррупцияга каршы жаңы стратегиясы кабыл алындыФинансы министрлиги: Бакиевдер уурдаган 4,5 млн. доллар казыналыкка келип түшкөн