Дональд Трамп айрым өлкөлөр менен мамилесин чектөө тууралуу жарлыкка кол койду

Дональд Трамп.

Дональд Трамптын жарлыгына ылайык Бурунди, Кытай, Куба, Түндүк Корея, Иран, Никарагуа, Орусия жана Сирия мамлекеттерине гуманитардык эмес, соодага байланышпаган жардам берилбейт. Бул өлкөлөргө чектөөлөр алар адам сатууга каршы алгылыктуу иш алып барган жок деген жүйө менен киргизилди.

Мындан тышкары жарлыкта АКШнын Эл аралык Валюта Фондундагы (ЭВФ) жана башка бир катар өнүктүрүү банктарындагы өкүлдөрүнө ал өлкөлөргө насыя акча берүүгө каршы чыгыш керек экендиги айтылган.

Ошол эле учурда АКШ коронавируска жана Эболага каршы күрөшүү программасынын негизинде чегинүү болорун, адам сатууга каршы долбоорлор каржыланарын билдирүүдө.

Дагы караңыз

Бишкекте аялдардын шайлоодогу орду талкууланатОкуучулар долбоор жазып, мектептерге гигиеналык каражаттарды алып бериштиАКШ, Орусия жана Франция Тоолуу Карабак боюнча билдирүү таратыштыКадамжайдагы сурьма комбинаты боюнча Башкы прокуратурага арыз жөнөтүлдү 2-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалыматОрусия менен Франция Тоолуу Карабактагы атышууну токтотууга чакырыштыЕврокомиссия Венгрия менен Польшанын сот реформасын сынга алды