Айдаркенде 77 жаштагы киши өрттөн каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжай районундагы Айдаркен шаарчасында үйдөн өрт чыгып, 77 жаштагы киши набыт болгон. Денесинин 80% күйгөн маркумдун сөөгүн өрт өчүрүүчүлөр милицияга өткөрүп беришкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, акыркы суткада өлкө аймагында өрт чыккан учур көп катталды. Негизинен сарайга жыйылган кургак чөп күйгөн.

Алардын ичинен эң ириси - Өзгөндөгү Салам-Алик айылында эки кабаттуу сарай өрттөнүп, андагы 500 түк, 20 тонна чөп күйгөн. Өрт сарайдын жанындагы үйгө да өтүп, анын 45 чарчы метр чатыры менен эки тонна чөп күйүп кеткен.

Өрттүн себеби аныкталууда. (ZKo)

Дагы караңыз

Беларус: миңдеген киши саясий туткундарды колдоп акцияга чыгыштыЛондон жана Стамбулда “Реформа” партиясы алдыга чыкты“Ыйман Нуру”: Макул эмес экенибизди кескин көрсөтүшүбүз керекМилиция Сузактагы окуяны териштирип жататАзербайжан ракеталык аткылоо үчүн Арменияны күнөөлөдү Москвада «Бүтүн Кыргызстан» ат чабым алдыга чыкты«Реформа»: шайлоону тааныбайбыз, бийлик легитимсизОппозиция 5-октябрда элди митингге чыгууга чакырды