«Тез жардам» автоунааларын сатып алуудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Жаңы сатып алынган «Тез жардам» автоунаалары. 15-июль, 2020-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине жана башка тиешелүү органдардын башчыларына кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Финполиция 19-октябрда маалымдады.

Финполдун маалыматында: «Тергөө-иликтөө иштерини натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, үч «Форд Транзит» үлгүсүндөгү «Тез жардам» автоунаасын жалпы бир млн. долларга кымбат баада сатып алганы, натыйжада андан мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканы аныкталды», деп жазылган.

Мындан тышкары бул фактыга тиешеси бар башка жогорку кызматтагы аткаминерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Быйыл 15-июлда Саламаттык сактоо министрлиги 13 «Тез жардам» автоунаасын жалпысынан 764,9 миң долларга сатып алганы кабарланган. Машинелер Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда түрдүү кырсыктарга туруштукту күчөтүү» долбоорунун алкагында алынган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баасы менен сапаты талкууга түшкөн "Тез жардам"

«Тез жардам» автоунаалары кымбат сатылып алынганы тууралу сын-пикирлер дароо эле соцтармактарга чыккан. Саламаттык сактоо министрлиги ага жооп кылып, 13 машиненин үчөө экинчи класстагы реанимобил экенин, анда кубаттоочу шаймандар менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулганын, бул «Форд Транзит» үлгүсүндөгү ар бир машине 90 миң доллардан алынганын кабарлаган. Калганы дизел менен жүрүүчү 4WD «Соболь» (Газел) үлгүсүндөгү машинелер. Алардын ичине адамды дем алдыруучу системалар, кычкылтек баллондору, чоңдорго, балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүш үчүн бардык жабдуулар орнотулган. Баасы болжол менен 49 миң доллардан айланган. (ZKo)

Дагы караңыз

УКМК 9-бөлүмүнүн жетекчиси алмаштыИсаков менен Ибраимов абакка кайта элекҮгүткө корогон миллиондор жана укуктук талашКазакстанга барыш үчүн 16 жашка чыга элек жарандардан паспорт талап кылынат АКШнын өкүлү Ооганстанда атышууну токтотууга чакырды «Эркин-Тоо» гезитине Бахпурбек Аленов редактор болуп дайындалдыОштун милиция бөлүмүндөгү чуулуу өлүмИИМ: Шаар-райондордо күнүгө миңден ашуун милиционер күзөткө чыгууда