Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

УКМК 9-бөлүмүнүн жетекчиси алмашты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-бөлүмүнүн башчысы – УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды.

Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда кол койду.

УКМКнын төрагалыгына мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Ата Журт», «Республика - Ата Журт», «Мекенчил» саясий партияларынын теңтөрагасы, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун досу катары белгилүү Камчыбек Ташиев 16-октябрда дайындалган.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы митингдерден кийин Кыргызстанда бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматын тапшырып, анын ордуна 6-октябрда митингчилер түрмөдөн бошотуп алган экс-депутат Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG