Өзбекстанда криптокомпанияга 1,7 миллион доллар алдаткан жарандар пикет өткөрүштү

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы. Ташкент шаары.

18-октябрда «International Consulting Group» аянтчасынын ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандардын тобу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын имаратынын алдында пикет өткөрүштү.

19-октябрда өлкөнүн башкы көзөмөл органы «International Consulting Group» платформасынын жетекчилери Алексей Мэнге жана А.Молотягинге каршы 33 арыз түшкөнүн билдирди.

Арызда жарандар «International Consulting Group» аянтчасына инвестиция салышканын, бирок алдамчылыктан улам материалдык чыгымга учурашканын жазышкан. Мекеме өкүлү арыздын негизинде «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынганын билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын 29 жаштагы жараны Алексей Мэн «International Consulting Group» платформасын түзүп, алдамчылык менен эки миңден ашык кишиден жалпысынан 1,7 миллион доллар чогултуп алган.

Алексей Мэн менен А. Молодягинге эл аралык издөө жарыяланды. Алар 2019-жылы декабрда компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуп, топтолгон акчаны алып чет өлкөгө чыгып кетишкен.

Дагы караңыз

Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикте калдыБеларуста сот «NEXTA-live» «Телеграм» каналына тыюу салдыРайымбек Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди (видео)Райымбек Матраимов камакка алынган жокБектур Зулпуев президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп дайындалдыПарижде өлтүрүлгөн мугалимге жогорку сыйлык берилетМурдагы премьер-министр өлкөдөн чыга албайтУКМК Матраимов эки миллиард сом чыгымды төлөөгө макул экенин билдирди