Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Райымбек Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди (видео)


Райымбек Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилген учур. Бишкек шаары. 20-октябрь, 2020-жыл.
Райымбек Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилген учур. Бишкек шаары. 20-октябрь, 2020-жыл.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция боюнча айыпталып, бүгүн, 20-октябрда кармалган Райымбек Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Сот анын бөгөт чарасын карай турганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдараак кабарлаган. УКМКнын маалыматында сотто Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөнү эске алынары кабарланган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде «Раим миллион» деген каймана аты бар Райымбек Матраимов бүгүн, 20-октябрда кармалган.

Атайын кызмат Матраимов мамлекеттик бюджетке келтирген эки млрд. сомдук чыгымды төлөөгө даяр экенин, анын 80 млн. сому 20-октябрь күнү УКМКнын эсебине келип түшкөнүн маалымдаган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. (ZKo/AiB)

XS
SM
MD
LG