Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Бектур Зулпуев президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен Бектур Зулпуев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Зулпуев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2005-2009-жылдары президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүн жетектеген. 2009-жылдан 2010-жылы апрелге чейин юридикалык кызматты башкарган.

Президенттин милдетин аткаруучунун дагы бир буйругу менен президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына Садыр Жапаровду актаган судья Медербек Сатыев дайындалды. Ал 2013-жылы азыркы депутат Курманкул Зулушев менен кошо Бишкек шаардык сотундагы коллегиянын мүчөсү болуп туруп, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган. Кийинчерээк ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Сатыев менен Зулушевди кызматтан бошотуп жиберген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG