Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

«Бир дүйнө – Кыргызстан»: Саясий куралга айланган БШК кийинки шайлоону өткөрүүгө акысы жок


4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берүү. Бишкек. 2020-жыл.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берүү. Бишкек. 2020-жыл.

4-октябрдагы парламенттик шайлоо өнөктүгүнө жана добуш берүү жараянына байкоо жүргүзгөн «Бир дүйнө – Кыргызстан» коомдук уюму Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) азыркы курамы мындан ары иштөөгө укугу жок деп эсептейт. Уюм 20-октябрда тараткан билдирүүдө:

«Биздин уюм 4-октябрдагы шайлоого башынан тартып байкоо жүргүзүп, натыйжада шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө биринчилерден болуп БШКга, бийликке талап койгон. 4-октябрдагы парламенттик шайлоо административдик басым колдонуу, добуш сатып алуу жана башка коррупциялык аракеттер менен коштолду. БШКнын азыркы курамы 2015, 2017 жана 2020-жылдагы шайлоолордо күн карама позицияны ээлеп, аягында шайлоочулардын нааразылыгын жараткан жыйынтыктарга алып келди. БШК саясий органга айланып, бийликтин куралы болуп калды», деп жазылган.

Билдирүү ээлери ошондой эле БШК шайлоо өнөктүгүндө, добуш берүү күнү түрдүү мыйзамсыздыкка көз жуумп, муну менен өлкөнүн шайлоо жараянына чоң зыян келтирди жана Боршайкомго элдин ишеничин кетирди деп эсептешет. Алар БШКнын азыркы курамы кийинки шайлоону өткөрүүгө моралдык да, юридикалык да укугу жок экенин белгилешкен.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган соң, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетиши, анын курамын өзгөртүү боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлгөн.

Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова президенттин атынан сунушталган төрт мүчөсүн алмаштырууну мурунку президент Сооронбай Жээнбековго да, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго да кайрылып, өтүнгөн. Кийинчерээк ал БШКдан чыгууну чечкенин кабарлап, бул кадамын 4-октябрдагы парламенттик шайлоону «даярдоо жана өткөрүү учурунда БШКда көптөгөн мыйзам бузулганы, чийки чечимдер кабыл алынып, чабал иш болгону» менен негиздеген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян ыплас өткөнүн айткан саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте нааразылык акциясын уюштурушкан. Ошол күнү митингчилердин милиция менен кагылышуусунда жүздөгөн адам жараат алып, Үмүтбек аттуу 19 жаштагы улан көз жумган. 6-октябрга караган түнкү окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келди.

БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен парламент, президент жана жарандык коом көрсөтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG