Республикалык бюджет каралып жаткан жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси катышкан жок

Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңеш 2020-жылдын бюджетинин аткарылышын жана 2021-22-жылга карата болжолдонгон бюджеттин долбоорун карап жатат. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Осмон Турдумамбетов быйылкы бюджеттин аткарылышы тууралуу суроо берип жатып, жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиевдин катышпаганын сынга алды:

- Казынаны толтуруучу тармактын - Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси жыйында жок. Артем Эдуардович, буга көңүл буруп коюңуз.

- Ал ооруп жатканына байланыштуу жыйынга катыша албады. Мага анын коронавирус жугузуп алганын айтышты.

- Мендеги маалыматтар боюнча, ал иш ордунда.

Өкмөт башчы бул маалыматты текшерүүгө убада берди.

Жогорку Кеңеште өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиковдун берген маалыматына караганда, быйыл май айында салык боюнча киреше көрсөткүчү 31 миллиард сомго кыскартылган. Эл аралык донорлордон келген акчадан айлык акыга сегиз миллиард, пенсияга 5,4, жөлөкпулга эки, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына трансфертке 3,9, экономиканы колдоого 2,6 жана коронавируска каршы күрөшкө 3,1 миллиард сом бөлүнгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Кытай элчиси Кыргызстандагы кытайлык ишкерлердин укуктарынын сакталышына көңүл бурдуДемөөрчүлөр Ооганстанга төрт жылда катаал шарт менен 12 млрд. доллар жардам берүүгө убада бериштиӨкмөт тыштан келген карыз акчанын көбүн пенсияга жана айлыкка жумшап жатканын моюнга алдыИрактагы абактарда 80ден ашуун кыргызстандык бала барБШК: Президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 137 миллион сом талап кылынатЖапаров-Текебаев тиреши курчудуБШК: Президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады