Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Жапаров-Текебаев тиреши курчуду


Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров. Коллаж сүрөт.
Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров. Коллаж сүрөт.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу билдирүү таратып, Өмүрбек Текебаев баштаган саясатчыларды кескин айыптады.

Ал Текебаевдин жана анын партиялашы Каныбек Иманалиевдин кылмыш иштери тууралуу да эскертти. Экинчи топ Баш мыйзамды реформалоого байланыштуу мурдатан Жапаровду сынга алып келген.

Жапаровдун чабуулу

Садыр Жапаров алгач 20-ноябрда өзүн сындап жаткандарга социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу жооп берип, дүйшөмбү күнү алардын «жүзүн ачарын» жарыялаган. 23-ноябрь күнү кечинде «7-канал» аркылуу бир саатка жакын маек куруп, Конституциянын жаңы редакциясы жана саясий атаандаштары тууралуу курч билдирүүлөрдү жасады.

Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбооруна эки сунуш киргизгенин, бирок автору өзү эмес экенин белгиледи. Анын авторлору Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал баштаган 20дан ашык киши экенин белгилеп, парламент депутаттарын жөн гана «демилгечилер» деп атады:

«Текебаев, Шер-Нияз, Отунбаева, Иманалиев айтып жаткан бул долбоор 2010-жылдан бери талкууланып келе жаткан долбоор. Ал Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген болчу. Аны мен жазган жокмун. Мен эки гана сунуш киргиздим. Бул долбоорду 2010-жылдан бери курултайчылар чогулуп талкуулап келе жатышкан. Ал 90 жолу талкууланып, оңдолгон. Мен өкмөттү жок кылып, президенттик башкарууну эле калтырууну сунуш кылдым. Бүгүн парламенттик башкарууда утуп келген партиялар бардык кызматтарга итибай-чотубайын деле коюп келатат. 2010-жылы Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Конституциянын кесепетинен бүгүн сазга баттык. Мына ушул, азыркы Конституция - чыныгы «Ханституция». Бүт бийлик президенттин колунда, спикерди да, премьерди да президент коет. Сотторду да президент шайлайт. Утуп келген партиялар президенттин көзүн карап олтурат. Менин сунушум: өкмөт менен президентти бириктирип, бир эле аппарат болсун деп жатабыз. Анан курултай кирсин деп жатабыз. Биз мындан ары ага жол бербей, элдин кызыкчылыгына иштеген Конституцияны түзүп жатабыз. Мага саясий кызыкчылыктын кереги жок».

Маалымат үчүн тактап кете турган жагдай - азыркы Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин спикерин депутаттар өздөрү шайлап, премьер-министрди көпчүлүк коалиция сунуш кылып, өкмөт парламентте шайланат. Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша судьяларды кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция шайлайт.

Премьер-министрлик кызматын убактылуу тапшырып, президенттик шайлоого аттаган саясатчы «референдумду өткөрүүгө эч ким шаштырбай турганын» айтты. Ал 10-январда президенттик шайлоодо калкка мамлекеттик башкаруу жана парламенттик шайлоо ыкмасы тууралуу гана суроо коюуну сунуш кылды. Зарыл болсо реформаны андан кийин өткөрсо болорун кошумчалады.

Өз интервьюсунда Садыр Жапаров Баш мыйзамды реформалоого байланыштуу өзүн сынга алган саясатчылар, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ушул эле партиядан депутат Каныбек Иманалиевдин кылмыш иштери жөнүндө кеп салды. Жапаров Текебаевди сыйлап унчукпай келгенин, бирок ал «бузукулук» кылып ага каршы чыгып жатканын билдирди.

«Текебаев «Мегакомду» сатууга байланыштуу 1 млн. долларды алган. Алганы анык, муну бардык саясий элита билет. Кулов да билет, ал калп десе Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. «Мегакомду» эки топ сатам деп, Текебаев алган акчасын шайлоого жумшаган. Ошол учурда «Мегакомду» чырылдап жүрүп, мен сактап калгам. Бүт документтерди топтоп, 100% мамлекетке өтүш керек деп, 120 депутатка кирип, таратып бергем. Ошентип депутаттар карабай койгон, сот чечпей койгон. Мына бүгүн «Мегаком» мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп, миллиарддаган салыктарды берип жатат. Бүгүн ал элди бузуп, «Ханституция түзүп жатат, Садыр Жапаров бийликти узурпация кылганы жатат» деп жатат. Конституциянын «Ксын» түшүнбөгөн жаштарды, кафеге алып барып үйрөтүп, ар кимди ар жакка сүйлөтүп жатат. Мындай бузукулукту Текебаев токтотушу керек. Мисалы Каныбек Иманалиев «мага кылмыш ишин табуу Нарын менен Аламүдүн дарыясынан крокодил табуу менен барабар» деп айтып жүрчү эле го. Бар экен кылмыш иши, типография жана башка коррупциялык иштери да бар. «Эмне үчүн карабайсыңар?» десе, депутаттыгынан эле коркот экен да. «Шайлоодон утуп келип алса, ошол иштеримди чукуйт» деп эле мага каршы чыгып жатат», - деди Садыр Жапаров.

17-ноябрда 80 депутаттын колу менен сунушталган Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлмөкчү.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын, айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Бул аралыкта бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, алардын ичинде экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманалиев, мурдагы депутат Садык-Шер-Нияз мыйзам долбоорун сындап чыгышкан. Алар жаңы Конституциянын редакциясын сунуш кылууга азыркы легитимсиз парламенттин укугу жок экенин белгилеп, жаңы долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.

Буга улай 21-ноябрда «Ата Мекендин» Бишкектеги штабына белгисиз кишилер келип ызы-чуу салып, партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунун авторлорун «Азаттыктын» эфиринде сындаганы үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.

23-ноябрда болсо активист Темирлан Ормуковдун арызынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Текебаев муну саясий чечим деп атап, соттун чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирерин айткандан кийин, ушул эле күнү Садыр Жапаровдун чабуулуна кабылып олтурат.

Өмүрбек Текебаев Жапаровдун билдирүүсү тууралуу буларга токтолду:

«Бир эле сөз - Жапаров өзүнүн деңгээлин көргөздү. Экинчиден, сотко түздөн-түз көрсөтмө берди. Ал азыр талапкер болгону менен премьер-министр, анын достору мамлекетти, парламентти, укук коргоо органдарын башкарып турат. Биздин соттор өз алдынча боло элек. Ошондуктан бул аларга түздөн-түз көрсөтмө берип, Атамбаевден да өткөн саясатты улантып жатат. Садыр Жапаровдун акыркы берген интервьюсунан кийин менин мандатымды алуу боюнча соттун чечими да саясий мотив менен болгону ачык көрүнүп калды».

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралып жатат.

«Саясий тиреш дагы көпкө созулчудай»

Бул аралыкта Садыр Жапаров сөзүндө айткан экс-премьер-министр Феликс Кулов да «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу пикирин жарыялап, Текебаевдин Маевскийден акча алганын ал билбей турганын маалымдады. Ал ошондой эле саясий тирешке өзүн аралаштырбоону өтүндү. Мындан тышкары, эми Садыр Жапаров өз сөзүн далилдеш үчүн сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү экенин эске салды.

Президенттикке талапкерлигин койгон Садык Шер-Нияз бийлик башында турган адамдын билдирүүсүн «элди экиге бөлүү, жарака кетирүү» деп баалады. Депутат Каныбек Иманалиев болсо өзүнө карата Жапаров койгон кинени четке какты.

«Бул таптакыр калп, куру доомат. Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан адам «фейк» деңгээлиндеги маалыматка ээ экендиги мени өкүндүрөт. Бул беренелер боюнча мага эч качан кылмыш иши козголгон эмес. Эгер «Коррупция» деген берене болсо алар парламенттин макулдугусуз эле мени камап салышмак. Мен Бакиевдин, Атамбаевдин бийлигинин тушунда оппозицияда болгом. Ошол эле фактылар боюнча алар Финполиция, УКМК, Башкы прокуратура аркылуу бир нече жолу текшерип, эч нерсе таба алышкан эмес. 1993-жылдан 1999-жылга чейин Кыргызстанда 100 миңге жакын ишкана, пансионат, мамлекеттик имараттар менчиктештирилген. Анын ичинде 66 типография бар. Ошонун бири борбордогу типография 1998-жылы менчиктештирилип, азыркы күндө 300дөн ашык акционери бар. Менде ал жерде 17% акциям бар, аны 2002-жылдан бери декларацияда көрсөтүп келе жатам. Дивидендим да декларацияда бар. Ошондуктан аны фейктен көрүп алып айтканы уят иш. Кыргызда жакшы сөз бар, калптын казаны кайнабайт», - деди Иманалиев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында.

Конституциялык реформадан кийинки талаш-тартыштардан улам чыккан бул саясий тирешүү коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштады. Социалдык түйүндөрдө пикир жазгандар бир жааты Садыр Жапаровдун, экинчи жааты Өмүрбек Текебаевдин тарабын жактап, көз караштарын бөлүшүп жатышат.

Саясий талдоочу Эмилбек Жороев кепке кошулду:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Тилекке каршы, Садыр Жапаров керексиз эмоцияга жана агрессивдүү саясий тилге өтүп алганы байкалды. Менимче чачыранды болгон убакта элди бириктирүүчү киши, бир жакка жетелечү киши мындай кадамга барбашы керек болчу. Анткени ал жакын арада президент болгону жаткан киши. Мен коомчулуктагы «Текебаевдин Конституциясы» деген сөз кайдан чыгып жатканын аңдай албай жаттым эле, көрсө ал Жапаровдон чыгып жаткан экен. Антип айткан өтө туура эмес. Бул биздин Конституция, 2010-жылы кыргыз эли кабыл алган, жаманбы-жакшыбы башыбыздан өткөрүп жаткан Баш мыйзам. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин Маевскийден акча алганы боюнча, кезинде көп адамдар анын жалган экенин дароо айтып чыгышкан. Менимче ал так болсо, сотто аны ийне-жибине чейин көрсөтүп беришмек. Ал учурда болуп көрбөгөндөй бурмаланган соттук иш болгонун көрүп турбадыкпы. Эгер Жапаров билгендей болсо, ал эбак эле чыкмак. Эми ушул интервьюдан кийин Садыр Жапаров бугун чыгарып алгандыр, мындан ары бир аз конструктивдүүрөөк, ырааттуу жана салмактуу саясатчы болот деген үмүт бар. Эгер ушундай агрессивдүү тонду туура көргөн президент келчү болсо, анда биздин коомдун ичинде ынтымактын кетишине коркунуч жаралат».

Жороев ошентсе да конституциялык референдум боюнча тараптарды консенсуска келүүгө чакырып, президенттик шайлоодон кийинкиге жылдырууга үндөдү. Эксперт мамлекет башындагылар жана саясатчылар жалаң Баш мыйзам темасы менен алек болуп жаткан чакта, коронавирус менен күрөш, экономика жана башка маселелер көңүл сыртында калып жатканын кошумчалады.

Башка бир серепчи Айбек Теңизбаев келерки президенттик шайлоодо ыктымал жеңүүчү Садыр Жапаровго оппозиция бышып калганына токтолду:

Айбек Теңизбаев.
Айбек Теңизбаев.

«Менимче, саясатта сөзсүз түрдө тирешүү болушу керек. Албетте ал идеянын негизинде жүрүшү шарт, мен ошону күтүп жаткам. Башында Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев бир болууга аракет кылып жатканын көрүп жатканбыз. Бул ошол эле Текебаевдин парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун колдоп берүүдөн байкалган. Эми Конституциянын өзүнө келгенде, президенттик жана парламенттик башкарууга байланыштуу келишпестиктен улам тиреш чыкты. Бири-бирине кандай тил менен сөз атып жатат - бул алардын деңгээли. Менимче Баш мыйзамды реформалоого байланыштуу бул тиреш дагы уланат, күчөйт. Анткени Текебаев оппозициялык нуктагы адам катары, кайсы бийлик болбосун күрөшүп келген. Садыр Жапаров да президент болуп, өз башкаруусун күчөтүүнү көздөгөн болсо, Текебаев анын айыгышкан атаандашы болуп кала берет».

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев анын иши 15-20 күнгө созуларын айткан.

Демилге парламентте кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG