Токтогул суу сактагычында 13,966 млрд. куб метр суу бар

Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2020-жыл.

«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 26-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү - 13 млрд. 966 млн. куб метр. Былтыр ушул күнү суу чөйчөктө 16 млрд. 393 млн. куб метр суу болгон.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын маалыматына караганда, Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында Кыргызстан 5-ноябрдан тартып Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып ала баштады.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. Суу сактагычка толгон суунун көлөмү 2010-2011-жылдары 19 млрд. куб метрден ашкан. Ал эми 2007-08-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, бийлик элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизген. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда англис тилине расмий макам ыйгаруу тууралуу сунуш талаш жараттыТүркияда коронавирус жуккандар кескин көбөйдүБюджеттин жыртыгы, өкмөттүн убадасыКоронавирустан бир күндө алты бейтап көз жумду, 427 адам жаңы катталдыЕвробиримдик гендердик саясат боюнча жаңы план иштеп чыктыАзери аскерлери Калбажарга кирдиКыргыз эстрада ырчылары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы онлайн концерт бериштиТажикстанда оппозициячыл саясатчыга издөө жарыяландыМуфтий жол кырсыктарында өлүм-житим көбөйүп жатканына тынчсыздандыДыйканбаевди камакка жетелеген шайлоодогу иш33 жаштагы аялдын өлүмү үчүн шектүү катары аны менен чогуу жашаган эркек кармалды