COVID-19: Алты адам каза болду, 423 бейтап жаңы катталды

Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 423 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен алты адам каза болду. Бул тууралуу 28-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Маалыматка караганда, көз жумган бейтаптын үчөө Бишкек шаарынын тургуну, Чүй, Нарын жана Ош облустарынан бирден киши кайтыш болду.

Жаңы учурлардын көбү Бишкек шаарына (130) жана Чүй облусуна (102) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда 11-15тен, айрымдарында 30-50дөн катталды.

28-ноябрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 461 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 71971 кишиге жукту. Анын 63 407 айыкканы айтылды. Вирустан 1262 адам кайтыш болду.

Учурда 2869 бейтап стационарда, 3662 киши үй шартында дарыланууда. (ErN)

Дагы караңыз

УКМК саясатчы Бектур Асановду адамдардын эмоциясы менен ойнобоого чакырдыКыргызстанда жыл башынан бери финансылык уюмдардын кирешеси көбөйдүАрстанбаптын жүздөй тургуну корукту жоюуну талап кылып митингге чыктыБилимди сынаган «кара тизме»Кайыңды шаарындагы металл заводдун ачылышы кийинкиге калтырылды