Максат Мамытканов чек арага барды

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов (ортодо) кыргыз-тажик чек арасында. Баткен облусу. 11-декабрь, 2020-жыл.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын абалы менен таанышты. Вице-премьер Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара бекеттерин кыдырды. Жыйынтыгында Максат Мамытканов тиешелүү кызматтарга мамлекеттик чек араны коргоо жана коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Вице-премьер-министр Баткенде милиция кызматкерлери менен да жолугуп, аймакта мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

«Чек ара аймактарында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүү керек», - деди вице-премьер-министр.

Максат Мамытканов сапар алкагында чек ара аймактарына курулуп жаткан социалдык мекемелерди кыдырып, Лейлек районунун Кулунду айылындагы бала бакчанын курулушу менен таанышты. Вице-премьер курулуштардын сапатын жакшыртуу менен мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды. Мындан тышкары ал аймакты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин көтөрдү.

Сапар соңунда вице-премьер-министр чек арада жашаган эл менен жолугуп, мамлекеттик программадагы бардык милдеттенмелер толук ишке ашарын убада кылды.

Баткен облусу 1999-жылы, 12-октябрда Ош облусунун курамынан бөлүнүп, өзүнчө облус болуп түзүлгөн. Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. (ZKo)

Дагы караңыз

Медициналык мекемелерде COVID-19 вирусуна байланыштуу 693 мыйзам бузуу болгону аныкталдыЖАМКка коронавируска каршы жабдуулар берилдиФинполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров мажбурлап акча өндүргөн деген шек менен кармалдыЕвробиримдик Түркияга каршы санкцияларды узарттыЕвробиримдиктин лидерлери Украинага байланыштуу Орусияга каршы экономикалык чектөөлөрдү улантууну жактырыштыКубан Чороев БШКнын чечимин сотко бердиCOVID-19: Бир адам каза болду, 327 бейтап жаңы катталдыОтунбаева: Партиясыз саясатта жеңиш болбойтМедиа полиси: Баш мыйзамдагы сөз эркиндиги тууралуу жоболор сакталып калышы керекИндия вакцина өндүрө баштайт