АКШда COVID-19га каршы алгачкы вакцинага уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармекке көзөмөл жүргүзүү мекемеси америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип COVID-19 илдетине каршы даярдаган вакцинаны чукул кырдаалда колдонууга уруксат берген чечим чыгарды.

Президент Дональд Трамп коронавируска каршы эмдөө сутка ичинде башталарын жарыялады. Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин 2,9 млн. кишиге вакцина сайылат. Вакцинанын натыйжалуулугу 95 пайыз деп бааланууда. "Америка абазы" радиосу маалымдашынча, биринчилерден болуп медицина кызматкерлери, карылар үйлөрүндө жашаган карыялар эмделет.

АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги жалпы өлкөдө эмдөөлөр кийинки аптадан тарта башталарын жарыялады.

АКШда күн сайын каза болуп жаткандардын саны ишембиде (11-декабрда) 3 миң кишиден ашты. 16 миңге чукул адам ооруга чалдыкты.

Коронавирустан каза болгондордун саны АКШнын Биринчи, Экинчи дүйнөлүк согушта, Вьетнамдагы согушта каза болгон адамдардын санынан ашып түшкөнү кабарланды. Өлкөнүн көп штаттарында карантин чаралары кескин күчөтүлдү.

Дагы караңыз

Президенттик шайлоону уюштурууга мониторинг башталдыКыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленип жататЫсык-Көлдө эки балыкчы чөгүп кетти Атайын кызмат артынан түшкөн генерал Мамлекеттик түзүлүш боюнча референдум тууралуу мыйзамга кол коюлдуБишкекте гендердик теңсиздикке каршы марш өтөтАраз-Араз: Ырдан чыккан сөз чыры АКШ Конгресси Трамптын вето коюу тууралуу коркутуусуна карабастан коргоо жаатындагы мыйзам долбоорун жактырдыБШК 18 талапкер топтогон кол тамгаларды жарактуу деп тапты