Талапкерлер эфир убактысы үчүн чүчүкулак кармашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 14-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт материалдарына мамлекеттен каржыланган теле, радио жана басылмаларда акысыз үгүт жүргүзүү убактысын жана ордун бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Бул жараянга президенттик шайлоого катышып жаткан 18 талапкердин өкүлдөрү, телерадиоканалдардын жана гезиттердин жетекчилери катышты.

Коомдук биринчи телеканалдын шарты боюнча, талапкерлер үч форматта акысыз үгүт жүргүзүп, өздөрүн шайлоочуларга тааныштыра алышат. Анын ичинде дебатка, талапкер тууралуу атайын репортажга жана жеке кайрылууга убакыт берилет.

Ал эми ЭлТР телеканалы талапкерлердин жеке кайрылуусуна, атайын репортажга жана «Саясат сыртындагы талапкер» деген аталыштагы берүү үчүн убакыт бермекчи.

Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктаган соң, шайлоого чейинки 35 күндөн кечиктирилбей өткөрүлөт. Анын натыйжасында аныкталган эфир убактысын бөлүштүрүү графиги БШКнын чечими менен бекитилет жана Боршайкомдун сайтына, мамлекеттик басылмаларга жарыяланат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Шайлоого 18 талапкер катталган. БШК аларга президенттикке талапкердин күбөлүгүн 12-декабрда берди.

15-декабрда үгүт иштери башталып, 9-январда аяктайт.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, натыйжада өлкөдө бийлик алмашкан. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан мөөнөтүнөн мурда баш тарткан. Анын ордуна алгач өкмөт башчы болуп дайындалган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп отурган.
14-ноябрда Жапаров президенттик шайлоого катышуу максатында президенттин милдетин аткаруудан жана премьер-министрликтен убактылуу баш тарткан. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШда Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү добуш беретДүйнөдө коронавирус темасын жазган 130дан ашык журналист камалганАКШ коронавирустан эмдөөнү баштаганы жататАрменияда үч күндүк аза күтүү жарыяландыЖемкорлорго жеңилдик берген мыйзамОшто УКМК бөлүмүнүн алдында пикет болдуНикитенко зордукталган 13 жаштагы кыздын жагдайына байланыштуу ИИМге кайрылдыПрезиденттик шайлоону 11 миң милиция көзөмөлдөйтЖалил Атамбаевдин УКМКда иштеген уулунун тоюна байланыштуу териштирүү жүрүп жатат