Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Ошто УКМК бөлүмүнүн алдында пикет болду


УКМК бөлүмүн имаратынын алдындагы пикет.
УКМК бөлүмүн имаратынын алдындагы пикет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Оштогу имаратынын алдына 14-декабрда ондогон киши чогулуп, буга чейин облустук милициянын имаратында каза болгон жарандын өлүмүнө байланыштуу ноябрда кармалган алты милиция кызматкерин бошотууну талап кылышууда.

26 жаштагы адамдын өлүмүнө шектүү катары 19-ноябрда облустук милициянын алты кызматкерин УКМК Жазык кодексинин «Кыйноо» деген 143-беренесинин негизинде кармап, тергөө абагына отургузулган.

Чогулгандар «УКМК жоюлсун, милицияга боштондук!» деп ураан чакырышууда.

Ноокат районунун тургуну Мухамед Каныбек уулу карактоо үчүн шектүү катары кармалгандан кийин каза болгон. Анын туугандары Мухамед милиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам көз жумганын билдирип, прокуратурага жана УКМКга бир нече жолу кайрылышкан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 16-октябрь күнү маркумдун жүрөгү кармап, «Тез жардамга» барган учурда каза болгонун билдирген. (DU)

XS
SM
MD
LG