Кыргызстанга 128 млн. доллардан ашуун инвестиция келбей калышы ыктымал

Аскар Сыдыков.

Келерки, 2021-жылы Кыргызстанга 128 млн. доллардан ашуун инвестиция келбей калышы мүмкүн. Бул быйылкы пандемия шартындагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бүгүн, 22-декабрда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, пандемия учурунда кызмат көрсөтүү, туризм, соода, өнөр жай, курулуш жана башка тармактар жабыркады. Майышып турган экономикага октябрь окуялары ансайын сокку урду. 

«Октябрдагы окуялардан кийин кырдаал тескерисинче аябай курчуду. Ишканаларды текшерүү күч алды. Тоо-кен тармагында чыгаша 20-25 млн. долларга чейин чыкты. Биздин баштапкы эсептер боюнча, 2021-жылы өлкөгө 128 млн. доллардан ашуун инвестиция келбейт. Бул беш-алты компаниянын эсебиндеги эле сумма. Буга өлкөдөгү саясий кризис менен коронавирус пандемиясынын таасири чоң», - деди Аскар Сыдыков.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда март айында ишкерликтин көптөгөн түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Өкмөт аларга колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилип жатканын билдирүүдө. Ишкерлер өкмөт салыктан жана ижара акысынан бошотуу, жумушсуз калгандарга жөлөкпул төлөп берүү сыяктуу сунуштарын жана өтүнүчтөрүн кабыл албай, жардам жеңилдетилген насыя менен гана чектелгенин айтып келишкен. (ZKo)

Дагы караңыз

«Азаттык»: Уурулар коркутуп, коомчулук колдоп турдуCOVID-19: Төрт киши көз жумдуCOVID-19: Министрлик оорудан коргонуу чараларын сактоо зарыл экенин эскерттиНоокатта айыл тургуну ооруканага «Тез жардам» автоунаасын сатып бердиЖогорку Кеңеште экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору каралатМилиция 16 жаштагы кызга нике кыйылганы тууралуу маалыматты текшердиКыргызстан Сауд Арабиясынан мектеп жана оорукана курууга каржылык жардам сурады