Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

COVID-19: Төрт киши көз жумду


COVID-19 илдетин аныктоочу лабораториянын дарыгерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 илдетин аныктоочу лабораториянын дарыгерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-декабрга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдеттен төрт киши көз жумду. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда.

22-декабрга карата коронавирус дагы 175 адамдан жаңы аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаары (48) менен Чүй облусунда.(41). Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 31, Баткен облусунда 16, Жалал-Абад облусунда 12, Ош облусунда 11, Талас жана Нарында жетиден киши ооруга кабылган.

Кыргызсанда коронавирус алгач катталган март айынан бери жалпысынан 79429 адам COVID-19 менен ооруду.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 295 адам айыгып чыкты. Жалпысынан 73 300 адам айыгып, 1335 киши оорудан көз жумду.

Ушул тапта бейтапканаларда 1472 адам дарыланууда. Алардын ичинен 23ү канааттандырарлык, 966 орто оордукта, 410 адам оор абалда, 73 бейтап өтө оор абалда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG