Өзбекстандын вице-премьери Азиз Абдухакимов эл аралык «Ал-Бухари» спутник (жасалма жандоочу) аркылуу таркалчу телеканалын ачып, ал аркылуу Борбордук Азиядагы бул ири өлкөнүн туристтик жайларын дүйнөдөгү мусулмандар көп жашаган мамлекеттерде даңазалоо өнөктүгүн жүргүзүүнү сунуш кылды.
Дагы караңыз Өзбекстан туризмин эки баскычта калыбына келтиретТуризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, вице-премьер Абдухакимов мындай сунушун 23-декабрда Өзбекстандын эл аралык Ислам академиясынын зыярат кылчу жайларга туристтерди тартууну талкуулаган жыйынына катышканда айткан.
Бул жыйында "Адал Саякат Чектери - 2020" («Halal Travel Frontier 2020») деп аталган баяндамада Өзбекстан ислам динин тутунган өлкөлөрдөгү туризм боюнча жаңы көрсөткүчкө ээ болгону белгиленген. Вице-премьер Абдухакимов билдиргендей, «2018-2019-жылдары визалык режим жеңилдетилген соң, Индонезиядан келген туристтердин саны 170%, Малайзиядан келгендер 158%, Түркиядан келгендер 154%, Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтердин саны 153% өскөн».
Дагы караңыз Ташкент кытай туристтерине кучак жайдыДүйнөдөгү мусулмандардын саякаттоо көрсөткүчүнө ылайык, Өзбекстан 32-орундан жогорулап, 22-сапка чыгып, ал эми Ислам кызматташтыгы уюмуна кирген өлкөлөр арасында «коопсуздук жагынан алганда» туристтерди эң көп кызыктырган 10 өлкөнүн катарына кирген.
Ал эми өлкөдөгү Бухара, Самарканд, Кокон, Хива жана башка көптөгөн шаарлардагы тарыхый жайлар жалпы эле дүйнө жүзүнүн ар башка диндердеги туристтерин өзүнө тартып келет.
Күндүн темасы
УКМК менен Жогорку соттун тирешиДиний чөйрөдөгү бир жылдык абалДүйнөлүк басма сөз: Кыргызстан дагы эле Санта Клаустун өлкөсү