Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 18:17

Мирзиёев менен Эрдогандын «достугу»


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев, жубайы Зироат Мирзиёева, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 19-февраль, 2020-жыл. Фото: president.uz.

Түркия менен Өзбекстан өз ара сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнү макулдашты. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Анкарадагы сүйлөшүүсүндө ушундай чечим кабыл алынды.

Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президенттик кызматка киришкенден бери экинчи жолу Анкарага келди. Анын бул сапары Түркия менен Өзбекстандын соода-экономикалык алакасы гана эмес, эки лидердин ымаласы да жакшы деңгээлде экенин көрсөттү.

«Кадырман досум»

Мирзиёев 19-февралда Анкарадагы басма сөз жыйынында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга «кадырман досум», «бир тууганым» деп кайрылып, аны менен «ачык-айкын», «ишеничке негизделген» сүйлөшүү болгонун айтты.

Түрк президенти Эрдоган да Мирзиёевдин «реформаларын» көтөрө чалып, Өзбекстандын чөлкөмдөгү ролун баса белгиледи.

«Өзбекстан 34 миллионго жакындаган жаш жана жигердүү калкы, жаратылыш байлыгы, өндүрүштүк дарамети, ошондой эле күчтүү айыл чарбасы менен өз чөлкөмүнүн борборуна айлануу багытында ишенимдүү кадамдарды таштап жатат», - деди Эрдоган.

Президенттердин сөзүнөн өзбек-түрк алакасында көбүнчө экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулаары көрүнүп турду. Мирзиёев да, Эрдоган да эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү көбөйгөнүн кубатташты.

Эки лидердин дымагы

Түрк президентинин китепканасынын ачылышы, 20-февраль 2020-жыл.
Түрк президентинин китепканасынын ачылышы, 20-февраль 2020-жыл.

Түркия Өзбекстан эң көп соода жүргүзгөн беш мамлекеттин катарына кирет. Түрк статистикасына ылайык, 2019-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 27% көбөйүп, 2,2 миллиард долларга жеткен. Лидерлер бул көрсөткүчтү «жакын арада» кеминде эки эсе көбөйтүүнү макулдашты.

«Эки өлкөнүн ортосундагы импорт менен экспорттун ар биринин көлөмү алгач ирет 1 миллиард доллардан ашты. Ошентсе да багынтышыбыз керек болгон бийиктиктер көп. Урматтуу президент менен жакын арада сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга чыгарууну максат кылып жатабыз», - деди Эрдоган.

2017-жылы эки өлкөнүн ортосундагы импорт менен экспорттун жалпы көлөмү 1,5 миллиард доллардын тегерегинде эле. 2018-жылдын май айында түрк президенти Ташкентке келгенде эки тарап транспорт, туризм жана энергетика тармактары боюнча 3 миллиард долларлык келишимдерге кол коюшкан.

Президент Эрдоган өзбек статистикасына таянып билдиргендей, былтыр эле Түркиянын 430 ишканасы Өзбекстанда ишке киришип, бул өлкөдөгү түрк фирмаларынын жалпы саны 1306га жеткен.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да ири долбоорлор пландалып жатканын айтканы менен алардын чоо-жайын түшүндүргөн жок.

«Түрк инвестициялары аркылуу орток долбоорлорду ишке ашыруу маселеси сүйлөшүүлөрдүн негизин түздү. Бул боюнча Түркиянын башкы компаниялары менен 1 миллиард долларлык долбоорлор иштелип чыгып жатат. Аларды колдойлу деп макулдаштык», - деди Мирзиёев.

Президент Шавкат Мирзиёевди тосуп алуу салтанаты, Анкара, 19-февраль 2020-жыл.
Президент Шавкат Мирзиёевди тосуп алуу салтанаты, Анкара, 19-февраль 2020-жыл.

Карама-каршылыктан кызматташтыкка

Өзбек лидери эки тарап соода-экономикалык, транспорт, инвестиция, маданий-гуманитардык тармактарда көбүрөөк кызматташып жатканын айтса, түрк президенти коргонуу багытындагы жана аскердик чөйрөдөгү карым-катыштар тууралуу да сөз болгонун белгиледи.

Ислам Каримов Өзбекстанды башкарып турганда эки өлкөнүн алакасы өтө солгундап кеткен. 1990-жылдардын орто ченинде түрк-өзбек жарандары үчүн визасыз каттам жоюлган. Анын алдында Түркия өзбек оппозициясынын лидерлери Мухаммад Салих менен Абдурахмон Полатты экстрадиция кылуудан баш тарткан. Каримов Түркияга акыркы жолу 1999-жылы барган боюнча көз жумганга чейин Анкарага каттаган эмес.

Анын көзү өткөндөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы визасыз каттам калыбына келип, чектөөлөр алынды. Былтыр Өзбекстан Түркиянын таасири күч Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине расмий түрдө мүчө болду. Бирок Ташкент геосаясий маселелерде канчалык Анкара күткөн колдоону көрсөтө алаары азырынча так эмес.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Бакудагы саммитине келген лидерлер, 3-сентябрь 2018-жыл.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Бакудагы саммитине келген лидерлер, 3-сентябрь 2018-жыл.

Орусия менен атаандаштык

Түркиянын англис тилинде чыккан «Daily Sabah» басылмасынын былтыр июнь айында жарык көргөн аналитикалык макаласында эки өлкөнүн кызматташтыгына тоскоолдук жараткан факторлор тууралуу сөз болгон.

«Түркиянын Өзбекстанга маданий жана экономикалык жактан дагы терең кирүү жана аскердик жардам көрсөтүү аракетине Орусия кайрадан башкы атаандаш болуп турат», деп жазган басылма.

Макалага пикирин билдирген Евразия чөлкөмү боюнча талдоочу Эшреф Ялынкылычлы Өзбекстандын тышкы саясатында Москва менен Бээжиндин ролу чоң экенин, ошентсе да Түркия үчүн экономика тармагында мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеген.

«Бүгүн Өзбекстан өзүн Түркиянын жумшак таасири үчүн жана социалдык нормаларды өзгөртө алган түрк ишкерчилиги үчүн жаңы рынок катары көрсөтүп жатат. Бирок Түркиянын экономикасындагы солгундоо жана тышкы саясатындагы болжолдуу өзгөрүүлөр Анкаранын Өзбекстанда Орусиядан озуп кетүү мүмкүнчүлүгүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн», - деп эксперттин оюн чечмелеген «Daily Sabah» басылмасы.

Анын үстүнө кийинки убакта Өзбекстандын Орусия үстөмдүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу көбүрөөк сөз боло баштады. Бирок январь айында өзбек президенти бул маселе дагы талкуулана турганын билдирген.

Айтмакчы, Эрдоган Мирзиёевдин «реформаларын» мактаганы менен ошол эле Түркияда бозгунда жүргөн Мухаммад Салих сыяктуу өзбек оппозициясынын өкүлдөрү Өзбекстандын өзүндө реалдуу өзгөрүүлөр жок экенин, өлкө президенти «популизм менен алек болуп жатканын» белгилеп келатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG