Президенттин басма сөз кызматы «Мыйзамдуулук үчүн» жүрүшүндө айтылгандарды төгүндөдү

Нургазы Анаркулов, президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов 3-январдагы «Мыйзамдуулук үчүн» тынч жүрүшүндөгү талаптарды сынга алды. Ал бул тууралуу «Азаттыкка» билдирип, жүрүштө айрым талапкерлердин пайдасына административдик басым жасалып жатканы тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты:

«Бүгүнкү күнү бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, эч кимге административдик басым жасалган жок. Президенттик аппарат тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык бийлик ээлерине шайлоого жана референдумга кийлигишпөө тууралуу катуу эскертилген. Референдумга «каршы» жана «макул» деп үгүттөөчү түрдүү топтор түзүлгөн. «Мыйзамдуулук үчүн» тынч жүрүшүнүн уюштуруучулары коомчулукка туура эмес маалымат бергенди токтотушу керек».

Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы ошондой эле «айрым бир күчтөр Кыргызстандагы кырдаалды чайпалтууга аракеттенип жатат» деп белгилеп, 10-январда эл өз каалоосун жасоосуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл экенин айтты.

Бишкекте жекшемби күнү «Мыйзамдуулук үчүн» деген акция уланды. Жүрүшкө чыккандар «Мыйзамдуу өлкө!», «Референдумга жол жок!» деп ураан чакырып, президенттик шайлоонун таза, кысым-басымсыз өткөрүлүшүн талап кылышкан.

«Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүш Кыргызстанда октябрь окуяларынан кийин келген бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилге көтөргөндө башталган. Бул жолку акция тогузунчу ирет уюштурулду жана 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо менен башкаруунун формасын аныктоо тууралуу референдумга бир жума калган убакытка туура келди.

Ар жекшемби сайын ондогон жарандар бийликтен Баш мыйзам, референдум, президенттик шайлоо, сөз эркиндиги сыяктуу маселелерде мыйзамдардын сакталышын талап кылып келатышат. (ZKo)

Дагы караңыз

Коронавирус жуккандардын эң көбү - Бишкекте, эң азы - Нарында Түркия-Кытай: кечиккен вакцина, талкууга түшкөн келишимСалык декларациясын электрондук ыкмада тапшыруу мөөнөтү узартылдыСоңку бир суткада 83 кишиге коронавирус жугуп, бир бейтап көз жумдуБритания соту «ВикиЛикстин» негиздөөчүсү Ассанжды АКШга өткөрүү боюнча чечим чыгармакчыБШК: Кара-Суудагы опузалоо боюнча териштирүү жүрүп жататШайлоо-2021: Брайл шрифти менен 4 948 бюллетень даярдалдыШайлоо: үгүт учурунда бузулган мыйзам Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы сапка чыкты