Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

БШК: Кара-Суудагы опузалоо боюнча териштирүү жүрүп жатат


Референдумга каршы митингден бир көрүнүш. Бишкек шаары. 3-январь, 2021-жыл.
Референдумга каршы митингден бир көрүнүш. Бишкек шаары. 3-январь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу (ЫЧКТ) Кара-Суу районундагы Киров айылында белгисиз адамдар шайлоочуларды опузалап жатканы тууралуу даттанууну карай баштады. БШКнын маалыматына караганда, мындай мазмундагы арыз менен Боршайкомго «Жалпы иш» коомдук фонду кайрылган. Арызда Кара-Суу районунун Киров айылында белгисиз адамдар үймө-үй кыдырып, Садыр Жапаров тиешелүү өлчөмдөгү добуш албай калса, «жаман болорун» айтып эскертишкени тууралуу жазылган.

БШК бул тууралуу Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине жана Кара-Суудагы аймактык шайлоо комиссиясына маалымат берилгенин кабарлады.

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду соңку бир жумада административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча шайлоо мыйзамын бузган 27 учур катталганын билдирди. Фонд анын ичинен 12си боюнча далилдери аныкталып, баа берүү үчүн кайра текшерүүгө БШКга караштуу ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жиберилгенин маалымдаган.

10-январда Кыргызстандын президентин шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болот. Президенттик жарышка 17 талапкер катышып жатат. Алардын ичинде 6-октябрга караган түндө тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алып, 16-октябрда премьер-министр, 17-октябрда президенттик башкарууну колуна алган Садыр Жапаров да бар.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун түрүн аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган. Долбоор парламенттин кароосуна оболу 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан чукул өткөн.

Парламенттеги айрым депутаттар жана укук адистери аталган мыйзам долбоорун «референдум тууралуу конституциялык мыйзамдарды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрүлбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шашылыш жазылып, чукул кабыл алынды» деп сындап келишет.

Айрым президентикке талапкерлер «өлкөдө парламенттик башкаруу түрү өзүн актай албай калды, эми президенттик күчтүү бийлик керек», дешсе, аларды сындагандар «Кыргызстанда чыныгы парламенттик башкаруу азырынча орной элек, авторитардык президенттик бийлик сот бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигин мурдагыдай эле толугу менен көзмөлдөп жатат», деп талапкерлердин түз обого чыккан ачык дебаттарында да билдиришүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG