УКМК Болот Сүйүмбаевге кайрадан издөө жарыялады

Болот Сүйүмбаев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекемеменин мурдагы башчысынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев изделип жатканы тууралуу 5-январда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу сотко чейинки териштиргө алынган иштин алкагында бир нече ирет суракка жана тергөөгө чакырылган, бирок келген эмес.

Буга байланыштуу УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 223-беренеси («Экономикалык аткезчилик») боюнча шек саналып жаткан Болот Сүйүмбаевге 10-декабрдан тартып издөө жарыялаган.

Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогон.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы ыкчам бөлүмдөрдүн бири республикага аткезчилик жол менен ташылып келген 22 килограммдан ашуун зер буюмдарынын ири партиясын кармаганы аныкталган. Кийин УКМКнын ошол учурдагы жетекчилиги бул факт боюнча текшерүүнү токтотууга мыйзамсыз буйрук берип, конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берген. Натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылган. Алар күнөөлөрүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сомдон ашуун зыяндын орду толтурулган.

Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат көрүлгөн чаралардын алкагында жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар, УКМКнын мурдагы кызматкери (Б.Э) кармалганын, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев күбө катары суракка алынганын билдирди.

УКМКнын экс-төрагасы, президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бири Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевди күч органдары 27-ноябрда кармап кеткенин ошол эле күнү кабарлаган. Сегизбаев Чоткараев анын талапкерлиги үчүн кол топтоо иштерин координациялап келгенин билдирип, муну өзүнө карата саясий кысым катары баалаган.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин башкарып, өз арызы менен кызматтан кеткен. Чоткараев менен Сүйүмбаев ошол учурда анын орун басарлары болуп иштешкен. (ZKo)

Дагы караңыз

Токтогул суу сактагычында 12 млрд. куб метр суу барТаласта 11 адам күйүк алган өрттүн себеби айтылдыБыйыл республикалык бюджеттин тартыштыгы 8,4 миллиард сомдун чегинде болору аныкталдыИИМ: Түштүк жергесиндеги милиция менен шайлоо күнкү коомдук коопсуздукка даярдык талкууладыӨкмөт жол салган ишканадан кол үздүТүштүк Корея Ормуз кысыгында кармалган танкерди бошотууну Ирандан талап кылдыАссанж, «Манастагы» база, Бакиевдин үй-бүлөсүКытайлык миллиардер Жэк Ма көзөмөлдөөчүлөрдү сындаган соң дайынсыз кала берүүдөСауд Арабиясы Катар менен чек арасын кайрадан ачты