Коомдук ишмер Жаңыл Абдылдабек кызы дүйнөдөн кайтты

Жаңыл Абдылдабек кызы. Сүрөт интернеттен алынды.

Коомдук ишмер, маалыматтык технологиялары жаатында кыргыз кыздарынын арасындагы алгачкы адис Жаңыл Абдылдабек кызы 73 жаш курагында 6-январь күнү дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Ал 1990-жылдары кыргыз өкмөтүнө караштуу Үй-бөлө жана аялдар иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Жаңыл Абдылдабек кызы ошондой эле Жантай хан менен Шабдан баатырдын мурасын чогултуп, изилдөө жүргүзгөн. 2020-жылы «Шабдан баатыр. Доордун тикендүү баскычтары» деген аталыштагы документалдуу романы жарык көргөн.

Жаңыл Абдылдабек кызын акыркы сапарга узатуу 8-январда болот. (ZKo)

Дагы караңыз

Полиция Трамптын тарапташтарын Капитолийден сүрүп чыгарды Куудулдар Жалал-Абаддагы концертине тыюу салынганын айтып чыгышты8-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайтКара-Суудагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы кармалдыШайлоочулардын суроолоруна жооп берчү кызматкерлер жана техникалык жабдыктар үзгүлтүксүз иштеп жататӨзбекстанда аракка ууланып беш киши көз жумдуТалант Мамытов православдар ынтымакка салым кошуп келатканын айтты