ИИМ: Шайлоо учурунда жети кылмыш иши козголду

Шайлоо күнү, Бишкек.

Ички иштен министри Улан Ниязбеков «шайлоо тилкелеринде абал туруктуу» деп маалымдады. Өкмөттүн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу өткөргөн басма сөз жыйынында 10-январдагы шайлоону 11 миңден ашык тартип сакчысы көзөмөлдөгөнү айтылды.

Шайлоо өнөктүгү маалында 78 мыйзам бузуу катталып, 71и боюнча жеринен чечим чыкты. Жети кылмыш иши козголду.

Ал арада Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. (BCh)

Дагы караңыз

Абакиров: Бийликке келген күчтөр үчүн чыныгы күрөш алдыдаЫсык-Көлдө балык кармаганы чыгып, чөгүп кеткен киши изделип жататСаат 22:00гө карата жыйынтык: шайлоочулардын 38,70% добуш берди Мадумаров референдумдун жыйынтыгын «жомок» деп атады (видео)ИИМ: Шайлоодо «Достук» мейманканасына спортчулар жайгаштырылганы тууралуу маалымат иликтенүүдө