Бишкектин четинде газ жарылып, 13 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

Окуя болгон жер. 2021-жылдын 11-февралы.

Бүгүн, 11-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйдө жаратылыш газ түтүкчөсү жарылып, 13 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан дагы бир эркек киши жабыркады.

Окуя болгон жерге Куткаруу кызматынан беш куткаруучу, шаардык Газ кызматынан бир бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон өспүрүмдүн сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми жараат алган адам ооруканага жеткирилди, анын абалы канааттандырарлык экени кабарланды. (BCh)

Дагы караңыз

Аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны жабык өтүп жататCOVID-19: Кыргызстан Орусиянын жана Кытайдын вакцинасын колдонууну караштыруудаБайден менен Си Цзинпин телефондон сүйлөштүУланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өтүп жатат ДССУ: "AstraZeneca" вакцинасы коопсуз