Министр Ажыкеев курулуш компанияларын сындады

Бишкектеги курулуштардын бири. (Иллюстрациялык сүрөт).

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажыкеев Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда экологиялык талаптар сакталбай жатканын айтып, ишкерлерди кескин сындады.

Министр мындай пикирин өкмөт башчы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдардын катыщуусунда үй куруучулар менен бирге өткөргөн көчмө жыйында билдирди.

“Мен архитектор жана курулушчуларга суроо бергим келет. Биздин шаарды эмнеге айлантып салдыңар? Тротуар жок, жол куушурулган. Түтүн! Шаарда жашаган мүмкүн болбой калды. Жашыл аймактар такыр жок, имараттын кооздугу үчүн дарактарды кыйып жатасыңар. Шаар шамалдабай калды. Эгерде мыйзам бузуу болсо дароо токтотуш керек”, - деди министр.

Ажыкеев көп кабаттуу үйлөрдөгү курулуштардын сапаты начар экенин белгилеп, имарат курууда бирдиктүү архитектура киргизүүнү сунуштады.

19-мартта өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек мэриясынын жетекчилери, «Бишкек башкы архитектура» ишканасы, мамлекеттик тийиштүү органдар жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөргөн. Анда Бишкек шаарынын курулуш тармагындагы көйгөйлөр талкууланды. (TSh)

Дагы караңыз

Байсалов: Күрөновдун маселеси сөз эркиндиги эмесАКШ коргоо министри Остин Кабулга бардыБажы кызматы: Абхазиядан келген унааларды албагылаБишкекте мыйзамдуулук үчүн салттуу жүрүш уланды Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына чет элдик көрүүчүлөр киргизилбейтОрусиянын АКШдагы элчиси "киши өлтүргүч" сөзүнүн жаңжалынан кийин Москвага кайтып келди21-март - поэзиянын дүйнөлүк күнү. Алыкул Осмонов дагы 21-мартта туулганАвстралияны суу каптадыАба ырайы: Күн бүркөк болот